Видео: Бишкектеги алгачкы андеграунд-рэп баттлы

Underground Free Stage деген аталыштагы андеграунд-рэп фестивалы 20-июль күнү «Бишкек Парк» соода борборунун жер алдындагы унаа токтотуу жайында болду.

Иш-чарага рэп аткаруу боюнча өз ара жарышкан 12 аткаруучу катышты.

Жеңүүчү болуп бул сыяктуу иш-чараларга алгачкы жолу катышкан Alessandro деген лакап аттуу рэпер табылды. Биринчи оруну үчүн ал өзүнүн каалаган ырына клип тартуу мүкүнчүлүгө ээ болду.

Фестивалдын уюштуруучулары өлкөдөгү рэп жана хип-хоп маданиятын өнүктүрүү үчүн  мындай иш-чараларды ай сайын өткөрүп турууну пландап жаткандыктарын билдиришти.