2010-жылдагы революция боюнча сотто өкүм угузуу башталды

80ден ашуун адам каза болгон 2010-жылдагы апрель революциясы боюнча соттук процесстин акыркы бөлүгү башталды. Жабырлануучулардын жактоочусунун айтымында, өкүм угузуу бир нече күнгө созулушу мүмкүн.

2010-жылдагы революция боюнча соттук процесс акыркы баскычына — өкүм чыгарууга келип жетти. 21-июль күнү Аскер сотунун Бишкек гарнизону 80ден ашык адамдын өлүмүнө айыпталып жаткандарга карата өкүмдөрүн угузуусун баштады.

Төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков иштин материалынын көлөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу өкүм угузуу бир нече күнгө созулушу мүмкүндүгүн айтты — кылмыш иши 60-70 томдон турат.

Жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариев Kloop.kgге берген маегинде өкүм бир нече — киришүү, көрсөтмө берүүчү, далилдөөчү жана чечим чыгаруучу бөлүктөрдөн тура тургандыгын түшүндүрдү. Анын эсептөөсү боюнча, бул бөлүктөрдү окуп чыгуу үчүн бир нече күн талап кылынат.

«Дөлилдөөчү бөлүгүндө сот эмненин негизинде эмнеге көңүл бургандыгын түшүндүрүп берет. Мында сот кайсыл бир көрсөтмөлөрдү четке кагышы мүмкүн да. Андан соң чечим чыгаруу бөлүгү, тактап айтканда, өкүм чыгаруу бөлүгү башталат», — деп түшүндүрдү ал.

2010-жылдагы революцияда каза болгондор менен жараат алгандардын туугандарынын өкүлү катары чыгып жаткан Жамансариев «объективдүү жана негиздүү» чечим чыгарылат деген үмүттө экендигин кошумчалады.

Актоо өтүнүчтөрү

Жалпысынан бул иш боюнча айыпталуучу катары атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн командири баш болгон сегиз кызматкери өтүүдө. Мамлекеттик айыптоо алардын алтоосун бардык беренелер боюнча актоону өтүнгөн — тергөө алардын революция маалында кимдир-бирөөнү өлтүргөндүктөрүн далилдей алган эмес.

Бул өтүнүч «алфачылар» буйрукту аткаргандыктан 2010-жылдагы революцияда элге ок атууга күнөөлүү болуулары мүмкүн эмес деп жатышкан «Альфа» бөлүгүнүн жактоочуларынын талаптарына дал келет.

Юрист Жанабил Давлетбаев Kloop.kgге берген маегинде судья прокуратуранын өтүнүчүнө карабастан айыпталуучуларга карата катаал өкүмдөрдү чыгарышы мүмкүндүгүн түшүндүрдү.

Мамлекеттик айыптоочу революция боюнча айыпталып жаткандардын калгандары үчүн узак мөөнөткө, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыруу жазаларын талап кылган.

Өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн мамлекеттик айыптоо мурунку президент Курманбек Бакиевге, анын бир тууганы Жанышка, ошондой эле мурунку премьер-министр Данияр Үсөновго карата чыгарылышын талап кылган.

Алар 2010-жылдагы революция маалында 80ден ашык демонстранттын өлүмүнө күнөөлүү башкы айыпталуучулар болуп эсептелишүүдө.

Айыптоочу УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду, ошондой эле Мамлекеттик коргоо кызматынын мурунку жетекчилери Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду 25 жылга, президенттин секретариатынын экс-башчысы Оксана Малеваная менен «альфачы» Сергей Цигельниковду 15 жылга, «Альфанын» мурунку башчысы Алмаз Жолдошалиев менен УКМКнын башчысынын мурунку орун басары Марат Бакиевди 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мамлекеттик айыптоонун мындай позициясы жабырлануучулардын кыжырданууларын жараткан — митингдердин биринде алар айыпталуучуларга карата катаал өкүм чыгарылышын талап кылышкан.

2010-жылдагы революция боюнча соттун процесс дээрлик төрт жылдан бери уланып келүүдө. Бул аралыкта ондогон күбөлөр менен жабырлануучулар көрсөтмө беришкен.

Сот жыйыны тараптар ортосундагы башаламандыктарга байланыштуу бир нече жолу жылдырылган. Жыйынтыгында, соттук процесс соттогу тартипке аскерлер көз салып турган Коргоо жана конвоирлөө департаментине которулган.