Ысык-Көл облусунда тик учак кулап түштү, каза болгондор жок

Коргоо министрлигинин куткаруучу Ми-8 тик учагы Ысык-Көл облусунда тоодогу алпинистти куткаруу маалында кулап түштү. Каза болгондор жок.

Кырсык 18-июль күнү эртең менен Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз өрөөнүндө  болгон, деп билдиришти Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан.

Коргоо мекемесинин билдирүүсү боюнча, тик учак «катуу шамалдан» улам кулаган. «Азаттык» радиосу Кыргызстандын Башкы штабына шилтеме жасоо менен учакта бутун сындырып алган альпинистти куткаруу үчүн барган экипаждын үч мүчөсү болгондугун жазды.

«Экипаж мүчөлөрү менен куткарылган альпинист жаракат алышкан эмес», — деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Коргоо министрлиги азырынча тик учактын кулап түшкөндүгүнүн чоо-жайын билдирүүдөн баш тартууда — кырсыктын кандай шартта болгондугу жана транспорттун канчалык деңгээлди жабыркагандыгы белгисиз бойдон калууда.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыктарын кийинчерээк кабарлайбыз», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бийлик окуяны иликтөө боюнча атайын комиссия түздү — анын курамына Башкы прокуратуранын, Жарандык авиация департаментинин жана Башкы штабдын өкүлдөрү киришти.

Ми-8 — 60-жылдардан бери Орусияда чыгарылып келген көп максаттуу тик учак. Ал жарандык да, ошол эле маалда согуштук да максатта пайдаланылышы мүмкүн.

Ми-8 учагынын бир даанасынын баасы болжол менен 15 млн. АКШ долларды же 800 млн. сомдон ашык каражатты түзөт.