Видео: Бишкекте Газа тилкесинин Израиль тараптан аткыланышына каршы митинг өттү

Бишкекте Израиль тараптан түндүк бөлүгү артиллериялык куралдан аткыланып жаткан палестиналык Газа тилкесинин жашоочуларын колдоп 150гө чукул киши митингке чыгышты.

Митинг 18-июль күнү Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил багында болуп, ага 150гө чукул адам катышты — акциянын катышуучуларынын бардыгы тең израиль бомбалоолорунан улам жаракат алгандарга өз тилектештиктерин билдиришти.

Алардын колдорундагы кагаздарда «Газаны бомбалоону токтоткула» жана «Газа, бизди кечир» деген сөздөр жазылган.

Акцияга ошондой эле парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу да катышты. Ал Палестин элин колдой тургандыгын айтып, Израиль тараптан жасалып жаткан аракеттерге карата кыжырдануусун билдирди.

«Эгер Израиль бомбалоолорун токтотпой, карапайым палестиндиктерди өлтүрүүсүн уланта берсе нааразычылык акциясы уланат. Мен Израиль жетекчилиги дүйнөлүк цивилизациянын добушун укмайынча Израилдин желегин миң жолу болсо да өрттөөгө даярмын», — деди депутат.

Араб-израиль чыры дүйнөдөгү жөнгө салына элек чырлардын эң узакка созулганы болуп эсептелет. Ал ХХ кылымдын 1940-жылдары башталып, Палестинанын аймагында еврей жана араб мамлекеттерин куруу көйгөйүнө байланыштуу.