Украинанын чыгышында Малайзия учагы атылып түшүрүлдү, 298 киши каза болду

Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан «Малайзия аба жолдорунун» учагы Украинанын чыгышында болжолдуу түрдө зениттик-комплекс тарабынан атылгандан кийин кулап түштү. Учактагы адамдарды бардыгы тең каза болду.

Окуя 17-июль күнү кечинде «Малайзия аба жолдорунун» «Боинг 777» учагы Украинанын Донецк облусунун үстүнөн учуп бара жатканда болгон — аталган аймакта акыркы төрт айдан бери украин армиясы менен орусчул жикчилдердин ортосунда куралдуу кагылышуулар уланып келет.

Учактын ичиндеги 283 жүргүнчү менен экипаждын 15 мүчөсүнүн бардыгы тең каза болушту.

Учак Донецк облусунун түндүк-чыгышында, Орусия менен болгон чек арадан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Грабово кыштагынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Учактын кулап түшкөн учуру:

Учак кулап түшкөн жерден видео:

Азырынча эң таралган версиялардын бири боюнча, 11 чакырымдык бийиктикте учуп бара жаткан учак жерден атылып түшүрүлгөн — мындай бийиктиктен аны зениттик-ракеталык комплекс менен гана атып түшүрүүгө мүмкүн.

Украинанын президенти Пётр Порошенко болуп өткөн окуяны «террористтик акт» деп атады.

Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко учак «Бук» деген аталыштагы зениттик-ракеталык комплекс менен атылып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

«Украиналык күч түзүмдөрүнүн маалыматтары боюнча, элдик кошуунда мындай зениттик-ракеталык комплекс бар», — деп жазган Орусиянын «Коммерсант» гезити.

Жикчилдер Украина армиясынан «Бук» зениттик-ракеталык комплексин тартып алгандыгы тууралуу Украинанын бийлигинен сырткары Орусиянын «Вести» телеканалы да 29-июндагы чыгарылышында кабарлаган болчу.

Бирок өздөрүн көз карандысыз Донецк элдик республикасы деп атап алышкан облус өкүлдөрү окуяга тиешелери бардыгы тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды четке кагышты.

«Бизде андай абага каршы коргонуу каражаттарыбыз жок, биздин жылдырып жүрө турган зениттик-ракеталык комплекстерибиз болгону 3-4 миң метр аралыкка гана атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, а Boeing болсо кыйла эле бийикте учат да», — деген Донецк элдик республикасынын жеткечилигинин өкүлү Сергей Кавтарадзе Интерфакска берген маегинде.

АКШнын бийлиги өздөрүнүн чалгындоо спутниктеринин маалыматтарына таянуу менен учак «жер-асман» классындагы ракета менен атылып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

«Согуштук талдоочулар математикалык формулалардын, жогорку ылдамдыктагы компьютерлердин жана башка ыкмалардын жардамы менен ракетанын кайсыл жерден учурулгандыгын аныктоого аракет кылып жатышат», — деп жазган «Нью-Йорк Таймс».

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин учак Украинанын аймагында кулап түшкөндүктөн болуп өткөн окуя үчүн жоопкерчиликти ошол өлкөнүн бийлиги алышы керектигин билдирди.

Си-Эн-Эн телеканалынын маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү — 154 киши Нидерландия өлкөсүнүн жарандары болушкан. Алардан сырткары учакта экипаж мүчөлөрүн кошкондо 38 малайзиялык, Австралиянын 27 жараны, Индонезиянын 11 жараны, ошондой эле Улуу Британиянын (алты жараны) Германиянын (төрт), Бельгиянын (төрт), Филиппиндин (үч) жарандары жана бир канадалык бар болгон.

Азырынча учактын дагы 47 жүргүнчүсүнүн жарандыктары айтылбай эле. Француз бийлиги учакта алардын жарандарынын да бар болгондугун билдирди.

Каза болгондордун арасында жаш балдар да болушкан. «Нью-Йорк Таймс» гезитинин окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы каза болгон жүргүнчүлөрдүн денелери, буюмдары Грабово кыштагынын талааларындагы чоң аянтка баш аламан чачырагандыгын жазган.

«Каза болгондордун көбү дагы деле ремень тартынган боюнча учактын отургучтары менен бирге талаада жатышат. [...] Көпчүлүгүнүн жанында жеке буюмдары бар. Көк кыска шым жана кызыл бут кийимчен жаш жигиттин буту жулунуп калган, жанында Айфон жатат», — деп сүрөттөгөн көргөндөрүн «Нью-Йорк Таймстан» Сабрина Таверниз.

Таверниз маектешкен күбөлөрдүн айтымдарында, учак асмандан эле экиге бөлүнүп кеткен.

«Ал бөлүк-бөлүктөргө бөлүнүп кетти», — деп айткан жүргүнчүлөрдүн денелерин чогултуу үчүн чатырларды даярдоого катышкан жергиликтүү тургун.

Болуп өткөн окуя боюнча АКШ, Орусия, Германия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдүн башчылары көңүл айтышты.

Көптөгөн авиакомпаниялар Украинанын аймагы аркылуу учуусун убактылуу токтото тургандыктарын билдиришти. Алардын кээ бирлери — Орусиянын «Аэрофлоту» менен Казакстандын «Эйр Астанасы» — Киевге барчу каттамдарын токтотушту.

Украинанын бийлиги окуя боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүштү, деп билдирүүдө Би-би-си. Өз кезегинде жикчилдердин өкүлдөрү учак кулап түшкөн жерге украин бийлиги менен эл аралык эксперттердин эркин кирип-чыгууларына мүмкүндүк берип, алардын коопсуздугун кепилдей тургандыктарын билдиришти.

Орусия, АКШ жана дагы бир нече башка өлкөлөр «Малайзия аба жолдорунун» учагынын атылып түшүрүлгөндүгү боюнча иликтөө жүргүзүүгө даяр экендиктерин кабарлашты.

Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууларга карабастан бүгүнкү күнгө чейин жарандык учактар ал аймактын үстү аркылуу эркин учуп жүрүшкөн, анткени согуш жерде жана анчалык бийик эмес мейкиндикте жүрүп жатат деп эсептелинип келген.

Бул куралдуу каршылашуулар башталгандан бери Украинанын чыгышында атылып түшүрүлгөн алгачкы учак эмес, бирок жарандык учактын биринчи жолу кулап түшүшү.