ТИМ кулап түшкөн Малайзия учагында кыргызстандыктардын болгон-болбогондугун текшерүүдө

Кыргызстандын бийлиги Украинанын чыгышында кулап түшкөн «Малайзия аба жолдорунун» учагында кыргыз жарандарынын болгон-болбогондугун билүү үчүн өзүнүн Малайзиядагы дипломаттары менен байланышты.  Учактын кулап түшүүсүнөн улам андагы 298 кишинин баары каза болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн Малайзиядагы элчилиги менен байланышты, бирок азырынча кулап түшкөн учакта кыргыз жарандарынын болгон-болбогондугу тууралуу маалыматтарды ала элек.

«Азырынча 41 жүргүнчүнүн жарандыктары аныктала элек. Биздин элчилик авиакомпания менен дайым байланышта. Азыркы тапта алардын жарандыктарын аныктоо боюнча иштер уланууда», — деди Kloop.kgге берген маегинде ТИМдин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков.

Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жаткан «Малайзия аба жолдорунун» учагы Украинанын чыгышында болжолдуу түрдө зениттик-комплекс тарабынан атылгандан кийин кулап түшкөн

Окуя 17-июль күнү кечинде «Малайзия аба жолдорунун» «Боинг 777» учагы Украинанын Донецк облусунун үстүнөн учуп бара жатканда болгон — аталган аймакта акыркы төрт айдан бери украин армиясы менен орусчул жикчилдердин ортосунда куралдуу кагылышуулар уланып келет.

Учактын кулап түшкөн учуру:

Учактын ичиндеги 283 жүргүнчү менен экипаждын 15 мүчөсүнүн бардыгы тең каза болушкан.

Си-Эн-Эн телеканалынын маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү — 154 киши Нидерландия өлкөсүнүн жарандары болушкан.

Алардан сырткары учакта экипаж мүчөлөрүн кошкондо 38 малайзиялык, Австралиянын 27 жараны, Индонезиянын 11 жараны, ошондой эле Улуу Британиянын (алты жараны) Германиянын (төрт), Бельгиянын (төрт), Филиппиндин (үч) жарандары жана бир канадалык бар болгон.

Француз бийлиги учакта алардын жарандарынын да бар болгондугун билдирди.

Учак Донецк облусунун түндүк-чыгышында, Орусия менен болгон чек арадан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Грабово кыштагынан алыс эмес жерге кулап түшкөн.

Азырынча эң таралган версиялардын бири боюнча, 11 чакырымдык бийиктикте учуп бара жаткан учак жерден атылып түшүрүлгөн — мындай бийиктиктен аны зениттик-ракеталык комплекс менен гана атып түшүрүүгө мүмкүн.

Украинанын президенти Пётр Порошенко болуп өткөн окуяны «террористтик акт» деп атады.

Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко учак «Бук» деген аталыштагы зениттик-ракеталык комплекс менен атылып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

«Украиналык күч түзүмдөрүнүн маалыматтары боюнча, элдик кошуунда мындай зениттик-ракеталык комплекс бар», — деп жазган Орусиянын «Коммерсант» гезити.

Учак кулап түшкөн жерден видео:

Жикчилдер Украина армиясынан «Бук» зениттик-ракеталык комплексин тартып алгандыгы тууралуу Украинанын бийлигинен сырткары Орусиянын «Вести» телеканалы да 29-июндагы чыгарылышында кабарлаган болчу.

Бирок өздөрүн көз карандысыз Донецк элдик республикасы деп атап алышкан облус өкүлдөрү окуяга тиешелери бардыгы тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды четке кагышты.

«Бизде андай абага каршы коргонуу каражаттарыбыз жок, биздин жылдырып жүрө турган зениттик-ракеталык комплекстерибиз болгону 3-4 миң метр аралыкка гана атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, а Boeing болсо кыйла эле бийикте учат да», — деген Донецк элдик республикасынын жеткечилигинин өкүлү Сергей Кавтарадзе Интерфакска берген маегинде

АКШнын бийлиги өздөрүнүн чалгындоо спутниктеринин маалыматтарына таянуу менен учак «жер-асман» классындагы ракета менен атылып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

«Согуштук талдоочулар математикалык формулалардын, жогорку ылдамдыктагы компьютерлердин жана башка ыкмалардын жардамы менен ракетанын кайсыл жерден учурулгандыгын аныктоого аракет кылып жатышат», — деп жазган «Нью-Йорк Таймс».

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин учак Украинанын аймагында кулап түшкөндүктөн болуп өткөн окуя үчүн жоопкерчиликти ошол өлкөнүн бийлиги алышы керектигин билдирди.

Бул куралдуу каршылашуулар башталгандан бери Украинанын чыгышында атылып түшүрүлгөн алгачкы учак эмес, бирок жарандык учактын биринчи жолу кулап түшүшү.