«Азаттык»: УКМК кокон гиластан «үлүш» сурап атабы?

Араван районундагы багбан Шавкат Байбабаев Улуттук коопсуздук кызматкерлери андан акча талап кылып, коркутуп жатканын айтып чыкты.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Эрнист Нурматов.

Багбандын айтымында, УКМК өкүлдөрү анын кокон гилас багынан түшкөн кирешесине кызыгып жаткан экен. Кызыгы Байбабаевдин кирешеси өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Араванга болгон иш - сапарында ачыкка чыккан эле. Аскер гарнизону азыр күч органдарындагы төрт кызматкерге кылмыш иши козголгонун кабарлоодо.

Мындан бир айча мурдараак башталган азап Шавкат Байбабаевге баш оору болду да калды. 8-июнь күнү “УКМКдан келдик” деген бир нече киши Араван районунун Лангар айылындагы Байбабаевдин кокон гилас багын себепсиз текшерүүгө алган. Куралчан топ бакта иштеп аткан адамдарды тинтүүгө алып, гиластын аянтын ченеп кирген. “Алардын максаты көрсө акча өндүрүү экен”, - дейт Байбабаев:

- Бакка келсем эле 3 киши туруптур. Бирөө аскер формачан чек ара кызматынан, экөө жарандык кийим кийген УКМК кызматкерлери экен. Анан эле себепсиз бакты текшерип башташты. Өздөрүнүн документтерин көрсөтүшкөн деле жок, текшерүү боюнча кагаз деле беришкен жок. Койгон айыбы “Силер өзбекстандык кишилерди иштетип атасыңар, жерди мыйзамсыз тартып алгансыңар, тиги-бу" деген болбогон шылтоолор. Каршылык көрсөтсөк, баарыбызды камайбыз дешти. Артында автоматчан кишилери да бар экен, алар бакта иштеп аткан адамдарды кармап чыгышып, коркута башташты. Анан мен эптеп бир нерсе чыгарыш үчүн келгенин билдим да, эми эмне кылабыз десем, "Гиластан түшкөн кирешеден 20 миң доллар бересиң. Болбосо гиласың сатылбайт, Араванда биз кожоюнбуз" дешти.

Окуянын баарын Байбабаев видеого тартып алган. Ошонун негизинде УКМК кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага, президентке, өкмөткө жана акыйкатчыга беш-алты жолудан арыз жазып жиберген. Бирок аны коркуткандар кайрадан келип, “арызыңды кайтарып аласың” деп дагы мазесин алып атышкан экен:

- Жазган арыздарымдан эч кандай жыйынтык жок. Күч органдары бири-бири менен бүт тааныш экен. "Арызыңды кайтарып ал" деп, бир айдан бери жанды койбой атышат. Бактагыларды барып коркуткандан кийин азыр эч ким келип иштебей койгон. Ошонун айынан гиластын баары терилбей калып кетти. Туугандарымдын болсо жүрөгү түшүп бүттү. Өзүмдү болсо керээлден-кечке аңдып жүрүшөт. Үйгө күн алыс барып, текшеришет. Бакты кайра-кайра ченеп чыгышат. Эптеп бир шылтоолорду айтып коркутушат. 8-июндан баштап, күн алыс келишет. Мына акыркы жолу 16-июлда келип кетишти. Былтыр буларга 100 миң сом “доля” бергем. Быйыл деле ошончо сурашса бермекмин. Бирок булар акылга сыйбай турган сумма талап кылып атышат, мен аны төлөй албайм.

Шавкат Байбабаевдин кокон гилас багы беш гектардан ашык. Атасынан калган жерди жети бир тууган бөлүштүрүп алышкан. 2000-жылдары мында бак тигип, эми түшүм берип келаткан.

Бул жерден жылына 50 тоннадан ашык гилас алышчу экен. Анысынан болжолдуу эки жарым млн. сомго жакын киреше табышчу. Өкмөт башчынын Ошко болгон сапарында, Байбабаев ушул кирешесин мажбур көбөйтүп айта салган экен. “Балким маселе ушундан да башталган окшойт”,- дейт ал:

- Апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Араванга келип, дыйканчылык, багбанчылык менен таанышып кеткен. Район акими ошондо "кирешени көбүрөөк табам деп айтып кое бер" деген. Анан мен “ушу беш гектардан эле жылына 7-8 млн. сом табам” деп айтып койгом. Чынында гилас бактан көп киреше тапса болот, ошону мен жакшы мааниде айтып бергем да. Ошол жерде бийликтер, УКМК өкүлдөрү да бар болчу. Ошону угуп алып, анан кийин “доляга” отурганы келишкендей. Коркуткандар мага “биз Алайда жол тоскондор менен жүрсөк, сен бул жакта миллион сом таап атыпсың да, бизге да бөлүш” дегендей да сөздөрдү айтышты. 

Ош аскер гарнизондук прокуратурасынын Шавкат Байбабаевге жиберген билдирүүсүнө ылайык, УКМКнын Араван райондук бөлүм жетекчисине, анын орун басарына, оперативдик өкүлүнө жана “Араван” чек ара кызматынын зардалына, жалпы төрт кишиге төрт берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Окуя боюнча күч органдары өздөрү маалымат берүүдөн баш тартышууда. “Азаттык” Башкы прокуратурага, аскер гарнизондук прокуратурасынын башкы кеңсесине жана Ош аймактык бөлүмүнө, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин аймактагы башкармалыгына жана башкы кеңсесине кайрылып, кененирээк комментарий ала алган жок. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов кыскача гана жооп берди:

- Аравандагы маселе жөнүндө бизде кенен маалыматтар бар. Расмий кат менен кайрылсаңар, биз бул окуя боюнча эки-үч күн ичинде жооп беребиз. Азырынча комментарий айта албайбыз.

“Бир-Дүйнө” укуктук кыймылынын алкагында Шавкат Байбабаевге Валерьян Вахитов жактоочу болуп дайындалган. Ал бул иштин юридикалык жагына эч түшүнбөй жатканын билдирди:

- УКМК эмненин негизинде багбандын багын текшерип атат. Алардын кандай укугу бар? Бул деген УКМКнын иши эмес да, алардын функциясы мамлекеттин коопсуздугун кароо. Антпеген күндө деле, кайсы ишкерди текшербесин, салык кызматыбы, күч органдарыбы атайын бир кагаз менен, же соттун чечиминин негизинде гана барып текшерүүгө укугу бар. Мен азыр бул иштер боюнча Ош облустук прокуратурасына жана Ош аймактык аскер гарнизондук прокуратурасына өтүнүч катын (запрос) жөнөттүм. Анан алардан алган маалымат боюнча мен дагы өтүнүч жазам, башка чараларга барам. Азыр мендеги маалымат боюнча төрт кишиге кылмыш иши козголгон. Бирок иштин бир чатагы бар бул жерде. Иш козголгон адамдар кызматынан четтетилип турушу керек. Антпесе алар ишкерге же тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушул жылдын апрель айында Араван районуна иш-сапары менен барып, жашылча-жемиш, бак-дарактарды өстүрүп жаткан дыйкандар менен таанышып кеткен. Өкмөт башчы анда гилас багуу айыл чарбасына киреше алып келерин айтып, багбандарды аны көбөйтүүгө үндөгөн эле.

Маалым болгондой, Ош облусунун Араван районунда 300 гектардай гилас бак бар. Анын бир гектарынан кээде 1 млн. сомго чейин киреше табууга болот. Кокон гиластын бир килограммы 80 сомдон 150 сомго чейин бааланат. Багбандар гиласты негизинен Орусияга экспорттошот.