Сүрөт: Үстөл футболу боюнча Бишкектеги чемпионат

Футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин фонунда Бишкекте анчалык чоң эмес масштабдагы, бирок жараат алып калуу коркунучу азыраак болгон үстөл футболу боюнча чемпионат өттү.

Немис футболчулары дүйнө чемпиондорунун кубогун жеңип алаарына эки күн калганда Бишкектин жыйырмага чукул жашоочулары — эмнегедир жалаң эркектер — борбордогу пабдардын бирине чогулушуп, үстөл футболу боюнча шаардын чемпионунун титулу үчүн күч сынашты.table-football_0463-1024x682Спорттун бул түрүндө дени таза жашоо мүнөзү анчалык деле маанилүү эмес, ошондуктан чылым тиштеп алып деле ойносо боло берет.table-football_0459-1024x682Бирок үстөл футболу болгондуктан анын «улуу агасынын» бир катар атрибуттары сакталган —мисалы, кубок Германияга учуп кеткен кубоктун кичинекей көчүрмөсү болду.table-football_0462-1024x682Чоң футболдогудай эле оюнчуларга дене-бойду жазып алууга да убакыт берилди.table-football_0460-1024x682Чынында байгелер анча спорттук байгелерге окшошкон жок — мелдештин жеңүүчүсүнө кубоктон сырткары алты ай бекер сыра каралган. Мындай байге менен үстөл үстүндө ойнолчу оюндардын түрүнө гана катышуу мүмкүндөй.table-football_0461-1024x682Үстөл футболу боюнча Бишкектин чемпионатында гана финалда «Алга» жана «Манчестер» деген аталыштагы командалар жолуга алышат.table-football_0464-1024x682«Манчестер» эсепти оюндун башталышында эле ачты, бирок «Алганын» пластик футболчулары демилгени колго алышып, жооп катары төрт гол киргизүү менен чемпион болушту.table-football_0466-1024x682Чоң футболго дагы бир окшоштугу — бул жеңишти кучакташуу менен көзгө жаш алып майрамдоо.table-football_0465-1024x682Автор: Никита Шаронов