Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу президент тарабынан жактырылды

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын — манжа издерин, санариптик сүрөттөрүн жана кол тамгаларын чогултуу боюнча талаштуу мыйзам долбоору президент Алмазбек Атамбаев тарабынан биротоло жактырылды.

Мыйзам долбоору президент Атамбаев тарабынан 14-июль күнү кечинде жактырылды – ал документке ылайык, Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн манжа издерин, санариптик сүрөттөрүн жана кол тамгаларын кыргыз бийлигине берүүгө милдеттүү.

Биометрикалык маалыматтардан сырткары кыргызстандыктардын жеке маалыматтары да чогултулат: салык төлөөчүнүн камсыздандыруу номурлары, аты-жөнү, атасынын аты, улуту, паспорту же туулгандыгы тууралуу кубөлүгүнүн сериясы менен номуру, жынысы, туулган күнү, айы, жылы жана учурдагы дареги.

Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарды каттоодон өткөрүү ар бир кыргызстандык үчүн милдеттүү болот. Ал маалыматтарды кайсыл гана мамлекеттик орган же юридикалык адам болбосун ала алат, бирок жарандын жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана.

Анткен менен мыйзам боюнча, эгер адамдын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн зарыл болсо, ал маалыматтарды алууда жарандын макулдугу сөзсүз түрдө керек эмес.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламент депутаттары —биометрикалык маалыматтарды чогултуунун зарылдыгын улуттук коопсуздук, өлкөнүн бүтүндүгү, банктардын ишмердүүлүктөрүн коргоо, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү менен түшүндүрүлө тургандыгын долбоорго тиркелген негиздеме маалымкатта белгилешкен.

«Уурдалган паспорттор менен канчалаган насыялар алынып, фирмалар ачылып, батирлер сатылып, башка көптөгөн аракеттер көрүлгөн? Өтө көп. Адам паспортун жоготуп алат. Анан ал паспорт менен насыя алгандыгы белгилүү болуп чыгат. Кол тамгасын окшоштуруп коюп коюу эч кандай деле көйгөйдү жаратпайт, а манжа издерин жасоо мүмкүн эмес», — деп жазылган негиздеме маалымкатта.

Мыйзам долбоорунун авторлору эгер биометрикалык маалыматтарды чогултуу жөнүндөгү мыйзам кандайдыр бир жол менен адамдын укугу менен эркиндигин чектей турган болсо, анда «максат каражатты актайт» деп эсептешет — парламентарийлердин эсептөөлөрүнө ылайык, маалыматтар базасын ишке киргизүү үчүн 250 млн сом керектелет.

Кантип чогултушат?

Маалыматтарды чогултуу менен Мамлекеттик каттоо кызматы алектенет – мекеме 15-июль күнү биометрикалык маалыматтардын эмне экендигин,  аларды кантип жана кандай жол менен чогулта тургандыктары жазылган билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, биометрикалык маалыматтардын базасы – Калктын мамлекеттик бирдиктүү тизмеси – 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорду өткөрүүдө жардам берет.

«[База] 2015-жылдагы парламенттик шайлоолор үчүн шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө негиз болуп берет жана шайлоо күнү шайлоочуларды манжа издери жана сүрөттөрү аркылуу идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн берет», — деп жазылган Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирмесинде.

Мекеменин маалыматы боюнча, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үстүбүздөгү жылдын 31-августунан башталып, 2015-жылдын июлуна чейин созулат. Биометрикалык паспорттор болсо 2016-жылдан баштап каалагандарга бериле баштайт. Азырынча андай паспортторду алуунун баалары белгисиз.

Каттоо кызматы ишендиргендей, жарандардын маалыматтары ал маалыматтарды алууга компетенттүү болгон мамлекеттик органдар жана юридикалык адамдарга гана жеткиликтүү болот.

Конституцияга каршы келет

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жөнүндөгү мыйзам парламентте каралып баштаганда эле укук коргоо уюмдары жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер тарабынан сынга алынган.

Биринчи кезекте мыйзам Кыргызстандын Конституциясына каршы келгендиги үчүн сындалган — укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча, мыйзам жарандардын жеке маалыматтарын өз алдынча башкаруу укугу, жеке жашоосунун кол тийбестиги жана корголушуна болгон укуктарына — карама-каршы келет.

«Интернет саясатынын жарандык демилгелеринин» эксперттеринин корутундусуна ылайык, биометрикалык маалыматтарды чогултуу жарандардын өз каалоолору боюнча ишке ашышы керек жана бийлик аларды каттатууга жарандарын мажбурлабашы керек.

«Жарандар жеке маалыматтарын кимдир бирөөгө берүү же баш тартуу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алууга уукуктуу, ал себебин түшүндүрбөстөн эле маалыматтарын берүүдөн баш тарта алат, ошондой эле ал жеке маалыматтарынын тосмолонушун же жоготулушун талап кылууга укуктуу», — деп жазган Интернет саясатынын жарандык демилгелери уюму.

Уюмдун эксперттеринин пикирлери боюнча, биометрикалык паспортторду киргизүү шайлоочулардын бирдиктүү тизмесин түзүү көйгөйүн чечпеши да мүмкүн. Уюм жазгандай, мыйзамда эгер жарандар өз биометрикалык маалыматтарын берүүдөн баш тартышса шайлоолорго киргизилээр-киргизилбеси так түшүндүрүлгөн эмес.

«Эгер шайлоолорго катышуу жарандын укугу болуп эсептелсе, анда эмне себептен шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн өз биометрикалык маалыматтарын берүү милдеттүү болуп калган», — деп жазылган корутундуда.

«Улуттук коопсуздукка жамынышат»

«Прецедент» юридикалык фирмасынын негиздөөчүсү Нурбек Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн бардыгы тең дайыма улуттук коопсуздук менен түшүндүрүлө тургандыгын билдирди.

«Биометрикалык паспортторго өткөнгө чейин өкмөт алгач жеке маалыматтарды коргоого укуктук жана техникалык шарттарды түзүү менен алектене турган орган түзүп, биздин жеке маалыматтарыбыздын корголушун камсыз кылышы керек болчу», — деп эсептейт ал.

Токтакунов жарандардын жеке маалыматтары ачык эле жеткиликтүү болуп турганда — мисалы, бейтапканаларда — мамлекеттин биометрикалык маалыматтардын корголушун камсыз кыла алаарына көзү жетпейт.

«Мүмкүн ал манжа издери кимдир бирөө тарабынан жашыруун ташталат. А манжа издерин жасап коюш анчалык деле кыйын эмес — манжа издеринин көчүрмөсү, муляждар. Мунун баарын жеңип чыгууга болот. Ал так идентификацияны камсыз кылбайт», — дейт ал.

Анын айтымында, маалыматтардын бардыгы тең Мамлекеттик каттоо кызматында сакталат деген фактынын өзү да жарандар жөнүндөгү маалыматтардын корголушуна түрткү бербейт.

«Маалыматтардын бардыгы тең бир ресурста сакталган стандарттан четтешибиз керек. Бизде ал бирдиктүү кодго кирүү мүмкүнчүлүгү бар жалгыз Мамлекеттик каттоо кызматы монополист болот. Мисалы, Орусияда мындай системадан баш тартышкан», — дейт ал.

Урматтуу окурмандар, өз манжа издериңиздерди, сүрөт жана кол тамгаңыздарды берүүгө макулсуздарбы? Мамлекеттик каттоо кызматынын ал маалыматтардын коопсуз сакташына ишенесиздерби? Негизи эле биометрикалык паспорттор керекпи? Андай пасортту аласыздарбы? Өз пикирлериңиздерди макаланын төмөнкү жагына жазып калтырыңыздар.