Видео: Жайкы эс алууларга арналган Бишкектеги флеш-моб

Жайкы эс алууларга арналган флеш-моб 13-июль күнү «Космопарк» оюн-зоок комплексинин аймагында өттү.

Акциянын негизги каарманы карыянын образында чыгып, бий номурун көрсөткөн жаш хип-хоп бийчиси Жан Воинов болду.

Андан сырткары иш-чарага «108» бий тобу, Soul Train студиясы, ошондой эле ырчылар Бегайм Исманова менен Ислам катышышты. Иш-чара 200гө чукул адамдын көңүлүн бурду, алардын арасында уюштуруучулар — Art Heroes студиясы — түрдүү сынактар менен утуштарды өткөрүштү.