Видео: Германия футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Германия курамасы футбол боюнча дүйнө биринчилигинин финалдык оюнунда Аргентинанын оюнчуларын 1:0 эсебинде утуп алды. Бул немис командасынын төртүнчү титулу.

Немис курамасынын жеңиш алып келген жалгыз голу кошумча берилген отуз мүнөттүктүн экинчи жарымында жарым коргоочу Марио Гётце тарабынан киргизилди. Ал беттештин 112-мүнөтүндө жарым коргоочу Андре Шюрле чыгарып берген топту төшү менен токтотуп, Аргентина курамасынын дарбазасына таамай туштады.

Дүйнөлүк чемпионаттын финалы Рио-де-Жанейродогу «Маракана» стадионунда өттү. Германия курамасы дүйнөнүн төрт жолку чемпиону болду.

Аргентина дүйнөлүк биринчиликтин тарыхында жеңүүчү титулун экинчи жолу Германия курмасына алдырып жиберди. Аргентиналыктар немис футболчуларын 1986-жылдагы дүйнөлүк биринчиликтин финалында жеңип, бирок 1990-жылы утулуп калышкан болчу.