Жол эрежесин бузууга жаңы айып пул төлөмүн президент жактырды

Президент Алмазбек Атамбаев жол эрежесин бузгандарга айып пулдун болжолдуу алты эсеге жогорулашы жөнүндөгү мыйзам долбоорун толугу менен жактырды.

Жаңы санкциялар ушул жылдын июнь айынын ортосунда парламент тарабынан жактырылган эле. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору бир гана айып пул менен чектелбейт.

“Анда сотто административдин иштерди кароо мөөнөтүн кыскартуу, автомектептердин жумушунда бир катар жаңыланууну киргизүү жана “Коопсуз шаар” долбоору сыяктуу долбоорлорду иштеп чыгуу шарттары тууралуу сөз болот”, - деп билдирди Бекешев өзүнүн Facebook барагында.

Катталган айып пулдардын төрттөн бири жол-кайгуул кызматынын бюджетине түшмөкчү.

Өзгөрүүлөргө ылайык, бир жыл ичинде жол кыймылын жөнгө салууга жоопкер болгон органдар унааларды жана тартип бузууларды каттоо үчүн электрондук база системасына өтүшү керек.

Айып пулдардын көлөмүнүн жогорулашы жол-кайгуул кызматынын инспекторлоруна да таасирин тийгизмекчи - документин көрсөтпөй туруп айдоочуну токтоткон милиционер, эгер бул көрүнүш видеого жазылып алынса, 5000 сом айып пулга жыгылат.

Мындай чаралар ЖКК кызматкерлеринин жоопкерчилигин көтөрүү максатында киргизилип жатат, деп кабарлайт президенттин аппараты.

Жол кыймыл эрежелерин бузгандарга айып пул кандай болуп өзгөрөт?

Окулбаган мамлекеттик номерлер: 500 сомдун ордуна 3000 сом

1_26202_900

Жасалма номерлер үчүн: 1000 сомдун ордуна 5000 сом

2_IMG_92561-1024x683

Унаанын терезелери пардалар менен тосулган же караңгылатылган болсо: 1000 сомдун ордуна 2000 сом

Унааны туура эмес токтотууга: 300 сомдун ордуна 1000 сом
4_IMG_20130818_145721

Жол чырак тыюу салган белги бергенде, же жол кыймылын жөнгө салуучунун ишаратына карабастан айдап өтүп кетсе: 300 сомдун ордуна 1000 сом

5_2603089643_bf5a3051b3_o-1024x657

Каршы тилкеге айдап чыгууга: 500 сомдун ордуна 1000 сом

Мас абалда унаа айдаса: 1500 сомдон 3000 сомго чейинки айып пулдун ордуна 1ден 20 миң сомго чейин, же болбосо 1 жылдан 3 жылга чейин айдоо укугунан ажыратуу

7_Skrinshot-19.06.2014-180611

Унааны милициялык, же ыкчам кызматтардын автомобилдериндей боётуп алса: 500 сомдун ордуна 2000 сом

8_Skrinshot-19.06.2014-180428

Автобуста, же кичи автобустарда заводдо алдын ала көрсөтүлгөн нормадан ашыкча жүргүнчү ташыса: 1000 сомдун ордуна 3000 сом

9_51518

Ашыкча ылдамдыкта айдаса: 200дөн 1000 сомго чейинки айып пулдун ордуна 500дөн 1000 сомго чейин