Фото: Үч-Коргондо гилас терүү

Июнь - бул Кыргызстандын батышындагы Үч-Коргон айылынын багбандары гилас терген мезгил. Алган түшүмүнө ыраазы болуп, терген мөмө-жемиштерин сатышат. Алардын гиластары Орусия жана Казакстанга экспорттолот.

1 (1)

Үч-коргондо гилас сезону бир айга созулат. Бул убакыт ичинде багбандар көбүрөөк түшүм алуу үчүн гилас бактарын дарылап, кургаган бутактарынан арылтып, түптөрүн жумшартып суугарып турушат.

1 (2)

“Былтыркыга салыштырмалуу быйыл сезон жакшы башталды. Гиластын наркы быйыл өзгөргөн жок, жылдагыдай эле 110 сом. Кирешени жакшы эле алабыз 5-6 тоннага чейин…”, — деп айтты Калтак айылынын тургуну багбан Марат Жолдошев.

Гиластан түшкөн акчага багбандар жыл бою жашашат жана ар кимиси ар кандай сарптайт. Айрымдары балдарынын билим алуусуна коротсо, кээ бири үлпөт тойлорун өткөрүп, же көптөн күткөн унаасын сатып алат.

1 (3)

“Түшкөн киреше көбүнчөсү үй-тиричилигине эле кетип калат. Гиласты ортомчулар аркылуу өткөрөбүз. Алар бизнес менен алектенишет да, ошондуктан алардын саламы чоң. Анткени бүгүнкү күндө дыйкандардын акчасы жеке ишкердик менен алектенүүгө жетпейт”, — деген ою менен бөлүштү Жолдошев.

Бул сезондун дагы бир каармандары — булар гилас тергендер — теримчилер. Алардын кызматы — бышып жетилген гиластарды сабактары жыйнап алуу. Теримчилер күнүнө 400-500 сомго чейин акча табышат.

1 (5)

Алар үчүн гилас терүү оор эмес, алган эмгек акысына канааттангандыктарын айтышат алар.

Жумабек Макеев 20 жылдан бери бул сезондо гилас сатып алып, аны жүктөп Орусияга жөнөтөт. Ал көбүнчө Кыргызстандын батышындагы Үч-Коргон айыл аймагына караган Исфайрам жана Калтак кыштактарындагы багбандар менен иштешет.

1 (7)

“Башка аймактарга салыштырмалуу бул жердин гиластары жакшы, чоң. Гилас Кыргызстандын аймагына эмес, чет жерлерге чыгарылат. […] Гиластын баасы бул сезондо 90 сомдон 110 сомго чейин көтөрүлдү”, — деп токтолду алып сатуучу.

1 (8)