Энергетика министрлиги электр энергиясынын тарифтери боюнча эсеп борборун ачууну каалайт

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев парламентке электр энергиясы үчүн болгон тарифтерди жөнгө салуучу эсеп борборун ачууну сунуштады. Өкмөт ар кандай тарифтердин жогорулашын алар менен макулдашуусу керек деп эсептешет депутаттар.

Артыкбаевдин айтымында, эсеп борбору энергетика министрлигине эле отчёт бербестен, бардык министрлер кабинетине отчёт берет - энергетика министрлигинин башчысынын айтымында, бул борбор электр энергиясынын тарифтери жана анын кайда коротулуп жаткандыгын жөнгө салуу менен алектенет.

“Биз бул маселени өкмөткө өткөрүп берип, электр энергиясын өндүргөн биздин ГЭСтерди камтыган экинчи бир эсеп борборун түзөйүн деп жатабыз. Бардык компанияларды бир жерге чогултуп, анын баарын эсеп борбору башкаруусун каалайбыз”, - деди министр.
Мурда бул мыйзам долбоору парламенттеги отун-энергетика комитети тарабынан жактырылган болсо да, эсеп борборун ачуу пикири депутаттар тарабынан катуу сынга кабылды.

Депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, өкмөт ар бир тарифтик жогорулоону парламент менен макулдашышы керек.

“Мен долбоорду колдобойм, анткени парламенттин өкмөттү көзөмөлдөө укугу болушу керек. Өзүңөргө өтө эле көп ыйгарым укуктарды алып албагыла. Ар бир тариф жогорулаган сайын анын парламент менен макулдалышы шарт”, - деп эсептейт Ниязалиева.

Анын пикирин андан кийин сөз сүйлөгөн дээрлик бардык эл өкүлдөрү колдошту.

“Ар-намысчы” Анвар Артыков эгерде эсеп борбору ачылса, анда энергетика министрлигин жоюуну сунуштады.

“Коррупция өнүгө баштаган энергетика министрлиги түзүлгөнгө чейин бизде эң жакшы иштеп жаткан агентствобуз бар болчу. Азыр силер агентство түзүүнү мерчемдеп жатасыңар, анда келгиле ага башка функцияларды да өткөрүп берели. Энергетика министрлиги жоюла берсин”, - деди Артыков.

Экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль, агентство орусиялык нефть жана газ гиганты “Газпром” тарабынан каржыланаарын айтты.

“Агентствону [“Газпромдун” башчысы Алексей] Миллер каржыламакчы. Бизде белгилүү бир гранттар бар, биз бул маселени жөнгө салганбыз”, - деп ишендирди депутаттарды Диль.