Балдардын жайкы лагеринде эс алуу канча турат?

Kloop.kgнин редакциясы Ысык-Көлдүн жээгиндеги балдардын жайкы лагерине канча сомго жолдомо алууга мүмкүн экендигин билейин деп чечкен.

“Жайкы мезгилде баланы эмне менен алектендирсем экен?” - ата-энелердин эң көп берген суроосу. Варианттардын бири - баланы жайкы лагерге жиберүү.

Бул жайда “советтик” типтеги көптөгөн жөнөкөй лагерлер менен катар чет тилдерин жана башка жөндөмдөрдү тереңдетип үйрөткөн жайларды да табууга болот.

Лагерледин жайгашуу картасы:

Тизме жолдомолордун бааларына карата түзүлгөн:

«Bash Town»

1 Bashtaun11-1024x683

Жайгашкан жери: Сары-Ой айылы
Баасы: 12 күнгө 10600 сом
Жашоо: бөлмөдө 7 киши
Тамактануу: 4 маал

Лагердин программасы катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүнө басым жасайт: балдар ар күнү музыка, бийлерди үйрөнүп, музыкалык конкурстарга катышышат.

«Билимкан»

2 Bilimkan

Жайгашкан жери: Шабдан айылы
Баасы: 10 күнгө 10000 сом
Жашоо: бөлмөдө 6-7 киши
Тамактануу: 5 маал

Жай ичи лагерде бир канча поток болот: чыгармачылык, тил, спорттук жана йога менен машыгуу. Лагердин программасында тоого бир күн конуп келүү бар.

«Барчын»

3 Barchy-n1

Жайгашкан жери: Сары-Ой айылы
Баасы: 10 күнгө 9200 сом
Жашоо: бөлмөдө 4-5 киши
Тамактануу: 5 маал

Лагердин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянттары бар. Быйыл балдарды мектепке даярдоо жана чет тилдерин үйрөнүү борбору ачылган.

«American school» лагери

4 getImage-1

Жайгашкан жери: Тамчы айылы
Баасы: 10 күнгө 9000 сом
Жашоо: бөлмөдө 4-6 киши
Тамактануу: 4 маал

Балдар ар күнү бишкектен келген мугалимдер жана чет элдиктер менен англис тилин үйрөнүшөт. Балдар лагерде болгон кезде кемеде жана “бананда” ойноо мүмкүнчүлүгү бар.

«British Language Centre» лагери

5 DSCF3777

Жайгашкан жери: Сары-Ой айылы
Баасы: 10 күнгө 8000 сом
Жашоо: бөлмөдө 4 киши
Тамактануу: 4 маал

Лагерде англис тилин үйрөнүүгө басым жасалат. Ар бир топтун жетекчиси жана англис тили мугалими бар. Эгер бала кааласа орус тилин жана грамматикасын үйрөнсө болот. Балдар үчүн спорттук мелдештер уюштурулуп турат.

«Жалын»

6 ZHaly-n3

Жайгашкан жери: Сары-Ой айылы
Баасы: 12 күнгө 6900 сом
Жашоо: бөлмөдө 5 киши
Тамактануу: 5 маал

Лагердин ар бир потогунда спорттук мелдештер болот жана театралдаштырылган сахналар көрсөтүлөт.

«Дзержинец»

7 img_3509

Жайгашкан жери: Чок-Тал айылы
Баасы: 12 күнгө 6800 сом
Жашоо: бөлмөдө 4 киши
Тамактануу: 3 маал

Балдар жетекчилердин же ошол эле лагердин катышуучулары уюштурган мелдеш жана жарыштарда катышышат. Лагердин аймагында футбол жана баскетбол аянттары бар.

«Спутник»

8 Sputnik1-1024x684

Жайгашкан жери: Сары-Ой айылы
Баасы: 12 күнгө 6800 сом
Жашоо: бөлмөдө 4 киши
Тамактануу: 3 маал

Балдар үчүн спорттук жана чыгармачылык сабактары, жарыш жана мелдештер уюштурулат. Лагердин аянтында балдар инструктор менен бирге кирүүгө мүмкүн болгон бассейн бар.

«Маяк»

9 IMG_0095

Жайгашкан жери: Тору-Айгыр айылы
Баасы: 10 күнгө 5500 сом
Жашоо: бөлмөдө 12 киши
Тамактануу: 4 маал

Ар бир күн эрте мененки көнүгүүнү жасоо менен башталат. Лагерде болгон кезде балдар футбол, волейбол жана теннис боюнча секцияларга катышышат. Лагердин программасында бир күндүк тоого чыгуу бар.

«Ден Соолук»

10 Skrinshot-24.06.2014-115508-1024x657

Жайгашкан жери: Чолпон-Ата шаары
Баасы: 12 күнгө 5500 сом
Жашоо: бөлмөдө 8-9 киши
Тамактануу: 4 маал

Балдар лагерде өзүнүн кызыгуусуна карата ийримдерге катышып, спорттук секцияларга, китепканага жана компьютердик класска бара алат.

Сүрөттөр балдардын лагерлеринин сайттарынан алынды.