«Гейлерге каршы» мыйзамдын автору өкмөттү ЛГБТнын укуктарын коргоп жатат деп айыптады

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу үчүн» жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири өкмөт анын идеясына каршы чыгып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунун автору Курманбек Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде мининстрлер кабинети анын мыйзам долбоорунан кемичиликтерди таап, өз корутундусунда гомосексуал болууга «мыйзам тарабынан тыюу салынган эмес» жана ЛГБТ (лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдүн) коомчулугу да «башка жарандардай эле укуктарга ээ» деп жазгандыктарын айтты.

«Өкмөт жалпы коомчулукка, нормалдуу үй-бүлөнүн укуктарына тийиштүү болгон мыйзам долбооруна каршы болбошу керек. Өкмөт «бул керек, а тигинин кереги жок» деп куру жооп берүү менен алектенүүдө», — деди Дыйканбаев.

Парламентарийдин пикиринде, өкмөт «ЛГБТнын укуктарын коргоо үчүн акча алып жаткан» бейөкмөт уюмдарга жетеленбеши керек.

«Гранттык акчаларды алып жаткан бейөкмөт уюмдар — бул алардын каражат таба турган булагы, ошондуктан мыйзам долбоорун кайтаруу боюнча жүздөгөн бейөкмөт уюмдар кат жазышты, а өкмөт болсо ал батышчыл уюмдарга жетеленип жатат», — деди эл өкүлү.

Дыйканбаев ал сунуштаган мыйзам долбоору ЛГБТга каршы эмес экенин жана  «салттуу» үй-бүлөлөрдү колдой тургандыгын кошумчалады.

«Мыйзам долбоору ал адамдарга каршы болбой эле, а нормалдуу үй-бүлөлөрдү чыңдоо үчүн сунушталууда, а анан пропагандага тыюу салабыз», — деди ал.

Корутундуга кол койгон вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев басма сөз кызматы аркылуу Kloop.kgге министрлер кабинетинин корутундусу жалпы өкмөттүн пикирин билдирбестигин жана документ «юридикалык мүнөзгө» гана ээ экенин билдирди.

Маматалиевдин өзү балдарды бир жыныстуу үй-бүлө курууну пропагандалоодон коргоо керек деп эсептейт — анын пикиринде, ал «негативдүү көрүнүш» болуп эсептелет.

«Балдарды улуттук, этникалык, расалык, диний жана гендердик жек көрүүдөн, ошондой эле бир жыныстуу үй-бүлө куруунун агрессивдүү мүнөздөгү пропагандаларынан коргоо керек. Бул анын жеке пикири», — деп билдирди вице-премьрдин айткандарын өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева.

Kloop.kgнин кабарчылары корутундунун текстинин өзү менен тааныша алышкан жок.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Парламентарийлер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаровдун мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калтырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун тестинин өзүндө «салттуу эмес мамилелер» деген терминдин эмне экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деди Кирей Kloop.kgге берген маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова