Видео: Милиция Ак үйдүн алдындагы нааразычылык акциясын кууп таратты

Милиция кызматкерлери өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгына каршы нааразычылык акциясынын алты катышуучусун кармап кетишти. Жарандык активисттер депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүн бир каптан тезек алып кетүүгө чакырып парламент имаратынын алдына чогулушкан болчу.

Акциянын жүрүшү жана активисттердин кармалышынын видеосу:

Милиция кызматкерлери 9-июнь күнү эртең менен парламент имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыккан алты жарандык активистти кармап кетишти. Алар атайын унаалар менен Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилишти. Милиционерлер алардын кармалышынын расмий себеби катары активисттердин «ким экендиктерин күбөлөндүрүү» экенин айтып жатышат. Акциянын катышуучулары Бишкекте «паспорттук режимдин» жоктугуна таянышып, документтерин көрсөтүүдөн баш тартышты.

Кармалган активисттердин бири Мавлян Аскарбеков Kloop.kgнин кабарчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө милиция кызматкерлери «буйрук боюнча» иштегендиктерин айтты.

«Биздин акциябызды аяктады, үй-үйлөрүбүзгө тарай тургандыгыбызды айтканыбызга карбастан бизге карата мыйзамсыз күч колдонушуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап кетишти. Алар бизге карата ИИМдин кызматкерлеринин талаптарына баш ийген эмес деген айып тагып жатышат. Учурда протоколдор толтурулуп, сот органдарына жөнөтүү алдында турат», — деди Аскарбеков телефон аркылуу Kloop.kgге берген маегинде.

Мавлян Аскарбеков кармалгандар Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 371-беренеси — «Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбөөнүн» негизинде айыпталып жаткандыктарын кошумчалады. Эгер активисттер бул берене боюнча күнөөлүү деп табылышса аларга 200 сомдон 500 сомго чейинки өлчөмдө айып төлөө же беш суткага административдик камакка алуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн.

«Ош шаарынын жаштар уюмдарынын өкүлдөрү өз акциясын өткөрүүгө келишкен. Борбордогу балдар — саясий партиялардын, жаштар уюмдардын өкүлдөрү — аларды колдоп чыгышты. Бардыгынын мыйзамдуу, тынч жана эч кандай көкүтүүлөрдүн жок экендигине карабастан 10 мүнөттөн кийин эле активисттерди журналисттердин көзүнчө эле кармап, эч нерсе түшүндүрбөстөн эле унааларга отургузушуп, РИИБге алып жөнөштү», — деди акциянын катышуучуларынын бири, «Эркин Эл» партиясынын мүчөсү Максатбек Казакбаев.

Биринчи май РИИБсинин алдында орун алган окуядан видео:

Кармоо качан «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүдөрү менен жарандык активисттер Ак үйдүн алдындагы акциянын жүрүшүндө саясатчыларды чыгып, бир каптан тезек алып кетүүгө чакыргандан кийин башталган.

Активисттер мындай жол менен өздөрүнүн бийликке болгон нааразычылыгын көрсөткүлөрү келген — өлкөнүн түштүгүндө дээрлик эки аптадан бери көгүлтүр отун жок.

Жалпысынан Ак үйдүн алдына ондон ашпаган активисттер чогулушкан — Kloop.kgнин кабарчылары анда «нааразы болгондорго караганда» милиция кызматкерлери кыйла көбүрөөк болгондугун байкашкан.

Акция он мүнөткө да созулган жок,  бир аздан кийин эле милиция кызматкерлери тарабынан кармоолор башталган.