Видео: Бишкектин «Кудайберген» базарындагы кайым айтышуу

3-июнь күнү эртең менен Бишкектеги «Кудайберген» базарынын ижара акысы төлөнбөгөндүгү үчүн контейнерлери жабылган соодагерлери менен базардын жетекчилигин ортосунда кайым айтышуу болду.

Окуя 3-июнь күнү эртең менен Бишкектеги «Кудайберген» базарында болгон — ижара акысы төлөнбөгөндүгү үчүн контейлеринин жабылгандыгына нааразы болушкан соодагерлер нааразычылыктарын билдирүү үчүн чогулушкан, бирок көп өтпөй чогулуш базардын жетекчилиги менен соодагерлердин ортосундагы кайым айтышууга чейин жеткен.

Базардын башкы директору Эльвира Сурабалдиева өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жаңжалдан анын кызматкерлеринин бири жаракат алгандыгын жазган.

«Азыр базарымдын аймагында кагылышуулар болууда, менин бир кызматкерим сабалды. Бул саат 10:40та гана», — деп жазган ал.

Анын пикиринде, жаңжалды буга чейин базардагы ижара акынын 100 пайызга жогорулашына каршы болуп келген «Ишкерлердин кыргыз бириккен профсоюзунун» төрагасы Нурлан Данияров баштаган.

«Салык төлөгүсү келбеген 100гө чукул соодагер чогулган соң Нурлан Данияров деген адам чуркап келип: «Контейнерлерди ачкыла, алардын силердикин жабууга укуктары жок, андан ары иштей бергиле!» деп кыйкыра баштады» — деп жазган Сурабалдиева.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү «Кудайбергендин» башкы директорунун «Фэйсбукдагы» билдирүүсүнө жооп катары милиция окуядан кийин Данияровду кармап, ага каршы административдик протокол түзүлгөндүгүн жазган.

«Сот Нурлан Данияровдун административдик жоопкерчиликке биринчи жолу тартылып жаткандыгын (соттун аныктамасы боюнча) эске алып, ага карата 300 сом өлчөмүндөгү айып төлөтүү чечимин чыгарды. Административдик протокол Административдик укук бузуу кодексинин 164-беренесинин (Жеңил бейбаштык)негизинде түзүлгөн», — деп жазган басма сөз кызматынын өкүлү.

Базардагы соодагерлер контейнерлердин ижара акысынын 100 пайызга кымбатташына үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери каршы болуш келишет. Базардын жетекчилиги контейнерлердин ижарасынын жогорулатылышын «2009-жылдан бери баалар дүйнөсүнүн өзгөргөндүгү менен» түшүндүрүүдө.