Түштүктөгү жолдун жабылышынан улам Кыргызстан дээрлик 110 млн сом жоготту

Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолунун жабылышынан улам өлкө казынасына дээрлик 110 млн сомдук бажы төлөмдөрү түшпөй калды. Учурда жолду коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тосуп турушат.

Ош-Эркештам унаа жолу Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бери жабык турат.

Демонстранттар 26-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан депутаттын камактагы мөөнөтүнүн дагы бир айга узартылышына нааразы болуп жатышат.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Нурия Ташболотова Kloop.kgге берген маегинде жолдун тосулушунан улам келтирилген жалпы жоготуулар 109 млн сомду түзгөндүгүн билдирди. Айтымында, акциядан улам өлкө бюджети күн сайын 11,5 млн сом зыян тартууда.

Ош-Эркештам унаа жолунун демонстранттар тарабынан тосулуп турган бөлүгүндө учурда Ошко барып, анда жалпы суммасы 46 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болгон 100дөн ашык жүк унаалары токтоп турат.

«Ал 109 жүк унаасы «Эркештамдан» Оштогу терминалга жөнөтүлөт. Анда алар бажы төлөмдөрүн төлөшөт. Азырынча ал процедура иштебей эле. Бул бюджеттин киреше бөлүгүндөгү кечигүүлөр», — деп түшүндүрүштү бажы кызматынан.

Бажы кызматынын аты-жөнүн айтуудан баш тарткан адиси Kloop.kgге берген маегинде мекеме ири бизнестин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн жана алар «Эркештам» аркылуу товарларын алып келүүдөн кооптонуп жаткандыктарын» билдиришкендигин айтты.

«Мындай кырдаалдан улам алар Кытайдан Кыргызстанга алып келебиз деп пландап койгон жүктөрүн алып келбейбиз деп жатышат», — деди ал.

Адистин айтымында, жолдун тосулушунан улам келтирилген жалпы чыгым 109 млн сомду түзгөн. Алардын ичинде ишкерлер алып келүүдөн баш тартышкан жүктүн көлөмү жана Ош-Эркештам жолунда турган жүк унааларындагы товарлар да бар.

Акция сегиз күндөн бери уланууда

Жол 27-майдан тарта сегиз күндөн бери жабык турат — облустук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Жеңишбек Ашыралиевдин айтымында, укук коргоо органдары Ош-Эркештам унаа жолун ачуу үчүн «болгон аракеттерди» көрүп жатышат.

«Кечээ үч кылмыш иши козголуп, 20дан ашык административдик протоколдор толтурулган. Азыр уюштуруучуларга 1000 сомдон 3000 сомго чейинки айып тагылды [...] Анда күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Ашырбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Басма сөз катчы демонстранттар «акыркы күндөрү агрессивдүү болушуп» нааразычылык акциясынын уюштуруучуларын укпай жаткандыктарын кошумчалады.

Өз кезегинде акциянын катышуучулары «Азаттык» радиосуна берген маектеринде эч кимге эч кандай күч колдонуп, зомбулук көрсөтпөгөндүктөрүн билдиришкен.

Нааразычылык акциясынан видео, булак: «Кабарлар» маалымат сайты:

Депутаттын тарапташтары Келдибековдун «саламаттыгынын начарлап кеткендигине» байланыштуу анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүн талап кылып жатышат.

Ашырбаев жолду ачуу үчүн азырынча милициянын күч колдонуу ыкмаларын пайдалануу ниети жок экенин кошумчалады.

Келдибековдун камалышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Автор: Мария Гребнева