Бажы биримдигине каршы чыккандардын экөөсү акталып, үчөөсүнө эскертүү берилди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Ак үйдүн алдында өткөн 20-майдагы акциянын жүрүшүндө укук коргоо органдары тарабынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген Бажы биримдигине каршы чыккандардын үстүнөн соттук угуулар болуп өттү. Сот активисттердин экөөсүн актап, дагы үчөөсүнө эскертүү берди.

Сот активисттердин экөөсүн — Бурул Макенбаева менен Өндүрүш Токтонасыровду актады. Дагы үчөөсүн — Олеся Ким, Алмаз Алжанбаев жана Толгонай Конушбаеваны — сот административдик тартип бузууга күнөөлүү деп таап, аларга эскертүү берди.

Активисттер Бишкектин Биринчи май РИИБсине 20-май күнү жеткирилишип, аларга карата Административдик жоопкерчилик кодексинин 371-беренесинин («Ички иштер кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө») негизинде айып тагылган.

«[Активисттер] тротуарды тосуу менен митингге катышпаган жарандардын ары-бери эркин өтүүлөрүнө тоскоолдук жаратышты. Милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертүү беришти, бирок ал жарандар [активисттер] баш ийишкен эмес, мындан улам алар Биринчи май РИИБсине жеткирилишти. Жарандар бошотулушту, материалдар сотко жөнөтүлдү», — деп түшүндүрмө берди активисттердин кармалышы боюнча Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы.

Сотто Макенбаеванын жактоочусу РИИБинин кызматкерлери иштин материалдарын юристтерге берүүдөн баш тарткандыктарын билдирди.

Милициянын маалыматтары боюнча, аларга активисттердин «тротуарды тосуп алышып», жөө адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук кылып жаткандыктары боюнча сегиз киши арыз менен кайрылган.

Бирок жактоочунун айтымында, укук коргоо органдары «ал арыз жазган адамдарды көрсөтө алышкан эмес».

«Ал сегиз кишиден арыздар саат 14:10до же 14:20да алынган, ал эми укук коргоочуларды саат 10:00-10:20ларда кармап кетишкен», — деп түшүндүрдү юрист.

Кармалган активист Олеся Ким окуянын кандай болгондугу боюнча өз версиясын айтты:

«Биз жөн гана жагдайга көз салып турганбыз.Болжол менен саат 10:20лар чамасында бизге формачан адам келип бир нече кишини көрсөттү. Анан эки милиция кызматкери келип мени колуман кармап, аянт аркылуу алып барышып автобуска салышты. Бизге эмне себептен кармагандыктарын түшүндүрүшкөн жок, ал эмес өзүлөрүн да тааныштырышкан жок. Биздин эч кандай каршылык көрсөтпөгөндүгүбүзгө карабастан 371-берене боюнча айыптап жатышат. Биздин жолдун өзүндө эмес, четинде турганбыз».

Өндүрүш Токтонасыровдун үстүнөн өткөн соттук процессте айыптоочу тараптын өкүлү, лейтенант Торгонбаев активисттерди кармоо буйругун Бишкек ШИИБсинин жетекчилиги бергендигин билдирди. Анын айтымында, милиционерлер активисттердин жанына бир нече жолу барышып, «парламенттин имаратынын алдында митинг өткөрүүгө болбой тургандыгын» түшүндүрүшкөн.

Бажы биримдиги боюнча угуулар кызып калганда

Акциянын катышуучуларынын бири, юрист Бурул Макенбаеванын айтымында, активисттер парламенттик угууларга катышуулары керек болчу, бирок өткөрүү бюросунан аларды киргизүүдөн баш тартып коюшкан.

«Мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөсүмүн. Биз Бажы биримдигинин социалдык тармакка тийгизе турган таасирлери тууралуу жазганбыз. Бизде Бажы биримдигине кирүү дары-дармек тармагына кандай таасирин тийгизе тургандыгы боюнча олуттуу кооптонууларыбыз бар. Коомдук байкоочу кеңештин 30га чукул мүчөсү Жогорку Кеңештеги угууларга баралы  дегенбиз, бирок бизди өткөрүү бюросундагы тизмеден чийип салышыптыр», — деп түшүндүрдү Макенбаева.

Ал парламенттин имаратынан чыккан соң кармалгандар тууралуу угуп, Биринчи май РИИБсине барууга камынган, бирок аны «жарандык кийимчен үч адам» токтотушуп, анын да «кармалгандыгын» айтышкан.

Макенбаеванын айтымында, ал адамдар өзүлөрүн «кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери» деп тааныштырышып, бирок эч кандай документтерин көрсөтпөстөн эле алар менен баруусун өтүнүшкөн.

«Мен алар менен бардым. Анда [автобуста] кыздар отурушуптур. Алмаз Алжанбаев кыздарды кармап жаткандыктарын көрүп, алар менен чогу барууга уруксат берүүлөрүн өтүнгөн. Анан эми баарыбызга 371чи, милицияга баш ийбөө беренеси боюнча айып тагып жатышат», — деп нааразычылыгын билдирди активист.

Кармалган активисттердин дагы бирөөсү, Алмаз Алжанбаев ал дагы Бурул Макенбаевадай эле парламенттик угууларга катышышы керек болгонун айтууда.

«Өткөрүү бюросундагылар баш тартышкандан кийин мен көчөгө чыгып, журналисттер менен сүйлөшө баштадым. Анан бир канча убакыт өтүп, журналисттердин баары кеткенден кийин милиция кызматкерлери бешөөбүздү кармап, автобуска алып бара башташты. [...] Тротуарда 30 мүнөттөй интервью берип туруп кантип сегиз кишиге жакпай калышыбыз мүмкүн, болгондо да аларды милицияга арыз жазганга чейин жеткиргидей, өзүңөр ойлоп көргүлөчү…?» — деп жазган Алжанбаев кармалгандыктары тууралуу Фэйсбуктагы жеке баракчасына.

«Кечээ, 20-майда, менде 7-апрелдегидей эле жарандык позиция бар болчу. Мен дал ушулар боюнча азыр бийликте отургандарга кайрылгым келет — алар президент Алмазбек Атамбаев, вице-премьер министр Темир Сариев жана депутат Өмүрбек Текебаев. Революциянын баатырларына арналган эстеликтин алдына автобустарды токтотуп коюп, өзүнүн жарандык позициясын айткысы келгендерди кармагандыктары кандай?» — деп нааразы болду активист.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон адамдардын кармалышы өлкөнүн ал экономикалык блогго кирүүсү жана анын пайдалары менен зыяндары боюнча парламенттик угуу кызып калганда орун алган.

Авторлор: Анна Лелик жана Мираида Жапарова