Депутаттар «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун чакырып алышты

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзам долбоору авторлору тарабынан чакырылып алынды..

Парламенттин расмий веб-сайтындагы маалыматка ылайык, мыйзам долбоору анын авторлору Төрөбай Зулпукаров менен Курманбек Дыйканбаев тарабынан 22-апрелде эле чакырылып алынган.

Kloop.kgнин редакциясы түшүнгөндөй, бирок бул тууралуу билдирүү 28-апрелде гана жарыяланган.

Комментарий алуу үчүн мыйзам долбоорунун авторлорунун бири дагы жеткиликсиз болууда.

Азырынча алардын алдыда ушуга окшогон мыйзам долбоорунун башка версиясын каттоодон өткөрүүгө аракет кылаар-кылбасы да белгисиз бойдон калууда.

Мыйзам долбоорунун чакырылып алынышы Кыргызстандын коомчулугунун бир бөлүгү, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар тарабынан айтылган кескин сын-пикирлердин фонунда орун алды.

Мыйзам долбооруна каршы онлайн-петиция 28-апрелге карата физикалык тараптардан 510 кол топтогон, алардын 340тан ашыгы кыргызстандыктарга таандык болгон.

Андан сырткары мыйзам долбооруна каршы 68 уюм да колдорун коюшкан.

Петициянын авторлорунун пикирлери боюнча, мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, эл аралык укуктун принциптери менен нормаларына туура келбейт».

Укум-тукумду көбөйтүү

Зулпукаров менен Дыйканбаевдин идеяларына ылайык, Кыргызстандын мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши керек болчу. Аларга ылайык, өлкөдө «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жараткандар» кылмыш жоопкерчилигине тартылышмак.

Мыйзам долбоорунда эгер «салттуу эмес мамилелерге» жашы жете элек балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир жаратыла турган болсо бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде кандай мамилелерди «салттуу эмес мамиле» катары эсептесе боло тургандыгы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Болгону мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатта гана мисал катары «бачабаздык» менен «лесбияндык» мамилелер көрсөтүлгөн.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Депутаттардын эркек менен аялдын никеге чейинки же «укум-тукум улабаган» мамилелерин кандай мамиле катары эсептей тургандыктары белгисиз бойдон калууда.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Автор:  Бектур Искендер