Жоголгон бишкектик үч кыз Түп районунан табылды

Милиция 17-апрель күнү Бишкекте жоголгон кыздардын бири Ысык-Көл облусунун аймагында табылгандыгын билдирүүдө. Болжолдуу түрдө анын жанында ошол эле күнү жоголгон эки курбусу да бар.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жоголуп кеткен Айжамал Кожомбердиева Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында табылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

Айжамал менен Чолпонай
Айжамал менен Чолпонай

«Аларды Түп районунда, жергиликтүү тургундун үйүндө жарым саат мурун эле табышты», — деди Осмонбаев.

Бирок ал кабарчы менен болгон маегинде ал жакта жоголгон кыздардын үчөөсүнүн тең бар-жоктугун тактап айткан жок.

Милиция азырынча кыздардын кандай шартта жоголгондуктары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбай эле.

Айжамалдын тай эжеси Индира Кемпирова Kloop.kgге берген маегинде анын жээнинин кайсыл жерде экендиги 24-апрель күнү болжол менен саат 11лер чамасында аныкталганын айтты.

Айжан менен Айжамал
Айжан менен Айжамал

«Азырынча белгисиз, бирок алар [жоголуп кеткен эки курбусу менен] чогуу болушу керек, азырынча ал так белгисиз», — деди Кемпирова.

Кыздарды издөө 17-апрелде башталып, бир аптага созулган.

18 жаштагы Айжамал Кожомбердиева 17-апрель күнү кечинде жоголгон. Ал Бишкектин түндүк бөлүгүндө жайгашкан «Учкун» конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.

Ошол эле күнү анын эки курбусунун да жоголгондугу белгилүү болгон.

Алардын бири 1995- жылкы Кутманбек кызы Айжан, экинчиси 1996- жылкы Чолпонай Кудайбергенова.

Кыздардын туугандары алар ошол күнү бири-бири менен жолугушууну болжошкондуктары ыктымалдыгын айтып жатышкан.

Индира Кемпирова Kloop.kgге берген маегинде буга чейин Айжамал менен Чолпонайдын апаларына телефон чалышып, өздөрүн кыздары катары тааныштыруу менен аларда «баары жайында» экендигин айтып, үч күндөн кийин байланышка чыга тургандыктарын убадалашкан.

«Чолпонай менен Айжамал телефон чалышкан, Айжамал — апасы менен алты секунд, а Чолпонай төрт секунд сүйлөшүшкөн», — деди Кемпирова.

Айжамалдын жездеси Акыл Байташов «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде кыздын телефонунун сигналы 19-апрель күнү Талас облусунун Көк-Ой айылында катталгандыгын айткан.

Автор:  Айзирек Алмазбекова