Видео: «Кудайбергендин» жумушчулары өзүлөрүнүн митинги тууралуу

Бишкектеги унаа тетиктерин сатуучу «Кудайберген» ири базарынын ишкерлери базардагы ижара акысынын жогорулашына каршы 22-апрелде митинг өткөрүштү. Kloop.kgнин журналисти Владимир Цай алар менен нааразычылык акциясы аяктаары менен сүйлөшкөн.

Контейнер ээлери менен сатуучулар базардын жетекчилиги ижара акысын эки эсеге жогорулатканы жатканын айтып, даттанышууда.

Эгер учурда бир орун үчүн ижара акысы айына 4 миң сом болсо, жаңы тарифтерге ылайык, ал 8 миң сомго чейин жогорулайт.

22-апрель күнү эртең менен митинг өткөрүшүп, алар бир нече саатка Бишкектеги унаа тетиктерин сатуучу эң чоң базардын ишин бир нече саатка токтотушкан.

Ишкерлер базардын дирекциясынын алардын талаптарын аткараарына ишенишет.

«Албетте ал биздин талаптарыбызга көңүл бурат. Биз көппүз да», — деди алардын бири Kloop.kgнин журналистине.

Базардын директору Эльвира Сурабалдиева ижара акысынын жогорулатылышын туура деп эсептейт.

«Маалымат үчүн, «Кудайберген» базарында ижара акысы акыркы жолу 2009-жылы жогорулатылган. Андан бери баалардын дүйнөсү канчалык өзгөргөндүгүн айтып отурбайм, — бардыгы баарын билет», — деген ал митинг болоорудун мурунку күнү «Озодагон» маалымат агенттигине берген маегинде.

2005-жылы өлтүрүлгөн депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы, «Кудайбергендин» директору бул митингдин артында «саясий оюндардын» тургандыгын билдирген.

2013-жылдын октябрында Сурабалдиева журналисттерге анын бизнесине «өкмөттөн бир киши» кол салгандыгын билдирип, бирок анын аты-жөнүн айткан эмес.

Авторлор:  Владимир Цай жана Бектур Искендер