«Азаттык»: Бишкекте Путин көчөсү пайда болобу?

Борбор калаа Бишкектин көчөлөрүнүн бирине Орусия президенти Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу сунушталып жатат. Режиссер Нурлан Абдыкадыров дал ушундай демилге менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан

Таанымал театр режиссеру Нурлан Абдыкадыров орус президенти Владимир Путиндин ысымын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу сунушу камтылган кайрылууну президент Алмазбек Атамбаевге 16-апрелде жолдогон. Ал мындай демилге кыргыз-орус мамилесин чыңдоого салым кошот деп ишенет:

«Кыргызстан экономикалык жактан көбүрөөк Орусияга көз каранды болгондуктан жана көпчүлүк кыргызстандыктар ошол жакта жан багып жүргөндүктөн Путин ушундай сыйга татыктуу. Ал деле адамда, эгер бул кишинин атын көчөгө бере турган болсок, биздин мамлекетке өзгөчө көңүл буруп, бизге да сый менен мамиле кыла баштайт».

Нурлан Абдыкадыров кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал буга чейин аз убакыт Бишкектеги орус драма театрын да жетектеген. Өнөр адамы көчөгө Путиндин ысымын ыйгаруу демилгесин жеке өзү көтөргөнүн, аны бийликтегилер колдоого аларына ишенип турганын да билдирди.

Чындыгында эле президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү Абдыкадыровдун каты келип түшкөнүн тастыктап, бул кайрылуу Бишкек шаардык мэриясына жолдонгонун айтышты. Борбор калаа бийликтери бул боюнча позициясын билдире элек.

Борбор калаадагы көчөгө Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу демилгеси кыргыз коомчулугунда Кыргызстандын Орусия менен интеграциясын колдогондор менен сындагандардын ортосунда кайым айтыш күчөгөн учурга туш келди. Буга чейин Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна, “Манас” аэропортун орусиялык “Роснефт” ишканасына сатууга каршы жарандык активисттер акцияларды өткөргөн. Ошол эле учурда айрым орусиячыл сайттар кыргызстандык илимпоздордун Орусияга кошулуу демилгесин көтөргөнүн жазып чыккан. Алардын бири Владимир Путинди колдоо боюнча түзүлгөн элдик фронт аттуу уюмдун “Rus.kg” сайты. Аталган сайт Дипломатиялык академиянын проректору Кайрат Осмоналиев өлкөнү Орусияга кошуу демилгесин көтөргөнүн жазган эле.

Кайрат Осмоналиев “Азаттыкка” маегинде мындай демилге көтөргөнүн четке кагып, бирок Орусия менен интеграциялык долбоорлорду колдоорун билдирди:

«Мен Орусия менен конфедерация бололу деп айткан жокмун. Бирок биз Орусия менен мамилени чыңдап, ар кыл интеграциялык долбоорлорду ишке ашыралы деген пикирди айтканмын. Негизи мен тышкы саясатта Орусия менен мамилени чыңдоону колдойм».

Анткен менен чыгармачыл, илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн орусиячыл маанайдагы демилгелери коомчулуктун сынына кабылды. Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов интеллигенциянын мындай демилгелери өлкөнүн эгемендигине доо кетирет деп эсептейт:

«Биздин интеллигенциянын жок жерден туруп эле өзүнчө Орусияга кире калалы, Путинге көчө атын ыйгара калалы деп дүрбөй бергени жакшы жышаан эмес. Анын ордуна илим менен маданияттын өкүлдөрү илгертен эле дүйнө оош-кыйыш болуп турган учурда кантип эгемендикти сактайбыз, элди жакшылыкка баштайбыз деген пикирлерди айтышы керек эле. Бирок андай болбой, айрым адамдардын адатка айланган жасакерлиги кармап жатат го деген ойдомун».

Ал эми жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров коомчулукта орусиячыл пикирлердин күчөшүн атайлап уюштурулуп жатышы мүмкүн деп божомолдойт:

«Буларды кимдир-бирөөлөр уюштуруп жатса керек. Антпесе залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун аты Бишкектеги көчөгө берилбей жатса, Путиндин атын беребиз деген бул абдан туура эмес пикир. Бүткүл дүйнөнүн сынына кабылып жаткан кишинин атын көчөгө берсе эмне деген сөзгө калабыз. Андай эле кыйын болсо Путинге сыйынбай, биздин эгемендикке салымы чоң адамдарды эскерип чыгышпайбы.»

Владимир Путиндин ысымы 2011-жылы Чүй облусунун аймагында жайгашкан Тянь-Шань тоо кыркасындагы чокулардын бирине ыйгарылган. Андан сырткары Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин атын Бишкектеги кыргыз-орус славян университети алып жүрөт.

Автор: Бакыт Асанов