Видео: 60-жылдарда Нарын дарыясындагы алгачкы ГЭСтин курулушу

“Бритиш Пате” киностудиясы 1910-жылдан 1970-жылга чейинки аралыкта тартылган тасмалардын архивдеринин бардыгын ачыкка чыгарды. Ал материалдардын арасында Нарын дарыясындагы Үч-Коргон ГЭСинин курулушу тартылган видео дагы табылган.

Үч-Коргон гидроэлектростанциясы (ГЭСи) 1962-жылы курулган жана Нарын каскадындагы эң алгачкы гидротехникалык курулмалардын бири болуп эсептелген.

Ал кезде аны “Орто Азиядагы эң кубаттуу электрстанция” деп аташчу.

ГЭС 180 МВттык кубаттуулукка ээ болгон, ал убакта бул гидротехникалык курулуштарды куруу тармагындагы эң бийик жетишкендиктерден болгон.

Бирок Үч-Коргон ГЭСи “эң кубатуу станция” мүнөздөмөсүнө көпкө ээ болуп турган эмес.

Анткени анын курулушу аяктагандан кийин эле кубаттуулугу андан да жогору болгон Токтогул ГЭСинин курулушу башталган. Кийинчерээк — 80-жылдары — ал Үч-Коргон жана Күрпсай ГЭСтери менен бирге жаңы электрстанцияларынын каскадын түзүп калган.

Учурда Үч-Коргон станциясы ишин улантууда, бирок тагдырдын тамашасы менен азыр ал Нарын дарыясындагы кубаттуулугу эң аз ГЭСтердин бири болуп эсептелет.