«Пегасус»: Мамлекеттик органдардын текшерүүлөрү атаандаштарыбыздын арызданууларына байланыштуу

Арзан баадагы билеттери менен белгилүү «Пегасус Азия» авиакомпаниясы бийлик тарабынан башталган текшерүүлөрдү атаандаштарынын арызданууларына байланыштуу деп эсептейт.

Өткөн аптанын соңунда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Кыргызстандын жүргүнчүлөрдү ташуу рыногуна жакында эле келген «Пегасус Азия» авиакомпаниясында текшерүү иштери башталааарын билдиришкен.

Түркиялык «Пегасус» авиакомпаниясына тиешелүү болгон «Пегасус Азия» Кыргызстанда учууга болгон бааларынын арзандыгы менен белгилүү.

18-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбеков алдыдагы текшерүүлөр авиакомпаниянын атаандаштары тараптан келип түшкөн арызданууларга байланыштуу экенин мойнуна алган — жергиликтүү авиакомпаниялар «Пегасус» базар баасынан төмөн бааларды белгилөө менен атаандаштык жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат деп эсептешүүдө.

«Кээ бирде жүргүнчүлөрдү тартуу үчүн авиакомпаниялар бааларды өздүк нарктарынан төмөн түшүрүүгө барышат. Бирок биз мыйзамдын бузулушуна жол бере албайбыз. Ошол эле маалда биз авиабилеттерге болгон баалардын арзандашына кызыкдарбыз», — деди Жээнбеков.

«Пегасус Азиянын» башкы директорунун кеңешчиси Эрмек Өмүралиев Kloop.kgге берген маегинде компания текшерүүлөрдөн корпой тургандыгын айтып, аларды банкрот болуудан коркуп жаткан жергиликтүү авиакомпаниялардын нааразычылыктары менен байланыштырды.

«Атаандаштардын негизги дооматы — «Пегасус» авиакомпаниясы кыргыз авиакомпанияларын банкрот кылып, монополист болуу максатында атайылап бааларды арзандатып жатат деген доомат. Мындай дооматтар менен алар бардык мекемелерге арызданып жатышат, орой айтканда, бизге каршы даттанышууда», — деди Өмүралиев.

Ал «Пегасус Азия» Түркияда пайда болгону менен башкалардай эле кыргыз авиакомпаниясы экенин, аны менен катар эл аралык тажрыйбалар менен «заманбап концепцияларды» пайдалана тургандыгын айтты.

Анын пикиринде, калган авиакомпаниялар «эски» учактар жана жабдуулар менен иштешет.

«Кечээ Түркиядан — аба майдандарды башкаруу боюнча мамлекеттик дирекциясынан — делегация келди. Алар «Манас» аба майданынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышып, эски үлгүдөгү учактарды да көрүштү. Анан алар: ‘Мындай учактарда кантип учасыңар?’, деп таң калышты» — деди Өмүралиев.

Монополисттердин тизмеси

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Назина Алымкулова Kloop.kgге берген маегинде «Пегасус Азияга» каршы арыздануулар «Авиа Трафик» жана «Кыргызстан» деген эки жергиликтүү авиакомпаниядан келип түшкөндүгүн билдирди.

«Алар биздин мекеменин көзөмөлүндө болгондуктан «Пегасустун» рынокко келиши менен ири суммадагы чыгымдарга дуушар болуп жаткандыктарын айтышты», — деди агенттиктин өкүлү.

«Пегасустун» аракеттеринен улам «зыянга учурап жаткан» авиакомпаниялардын өзүлөрү бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатышат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен түшүндүрүшкөндөй, «Авиа Трафик» менен «Кыргызстан» авиакомпаниялары монополисттердин тизмесинде болгондуктан алардын авиабилеттеринин баалары антимонополдук орган тарабынан белгилет.

Алымкулованын айтымында, азырынча бийликтегилер ал тизмеге «Пегасус Азияны» киргизе алышпайт, анткени авиакомпаниянын рынокто иштеп жатканына төрт гана ай болгон.

«Төрт айдын ичинде «Пегасустун» үлүшү рынокто кыйла эле болуп калды. [...] Бирок антимонополдук көзөмөлдөө жөнүндөгү мыйзамдын нормаларында тизмеге узакка созулган — бир жылдык — байкоолордон кийин киргизүү каралган», — деди Алымкулова.

Ал анын мекемесинде «Пегасустун» ишмердүүлүгүнө байланышкан бир нече божомолдоолор бар экенин кошумчалады. Ал божомолдоолордун бири боюнча, авиакомпания атаандаштарын жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунан сүрүп чыгаргысы келип жатат.

«Негизинен компаниялар рынокко төмөнкү баалары менен келишип, атаандаштарын четке сүрүп чыгаруу менен рынокту ээлеп алышат. Качан алар жалгыз калганда өз бааларын таңуулай башташат. Ал баалар азыркыдай 1,5 же 2 миң эмес, кыйла эле кымбатыраак — 3 миң болушу мүмкүн. А ал убакта кардарларда тандап алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп калат», — деп божомолдойт ал.

Кыргызстандагы алгачкы «лоу-кост»

«Пегасус Азия» — лоу-косттор деп аталган бюджеттик каттамдарды Кыргызстанда биринчилерден болуп аткарып баштаган алгачкы авиакомпания.

Лоу-косттордун бизнес-үлгүсү жөнөкөй эле — жүргүнчүлөр аз топтомдогу шарттар үчүн кыйла арзан баадагы билеттерди сатып алышат.

Эреже катары, бюджеттик авикаттамдарда бизнес-класс сыяктуу кызматтар жок. Алардын  «стандарттуу» авиакаттамдардан башка дагы айырмачылыктары бар.

Андан сырткары «Пегасустун» учактары аба майдандарда болушунча аз убакыт кармалышат.

Бирок дүйнөдөгү лоу-косттордун көбүнөн айырмаланып, «Пегасус» жүргүнчүлөрүнө билеттин алгачкы баасынын эсебине кошуп 20 килограммдык жүк алып жүрүүгө уруксат берет.

«Пегасус» Кыргызстандын рыногуна алгач Стамбулга түз каттам ачуу менен кирген, бирок коомчулук тараптан Бишкек-Ош каттамынын ачылышы өзгөчө кызыгууну жараткан. Анткени алардын сунуштаган баасы кээ бирде ошол эле багытта такси менен барууга караганда арзан болуп калуулары мүмкүн.

Авторлор:  Нуржамал Жаныбекова жана Дарина Манасбекова