Криштиану Роналдуну кантип сүрөткө тарткам (УЕФАнын эрежелерин бузуу менен)

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер 2012-жылдын жайында Футбол боюнча Европа чемпионатынын эки оюнуна барып келген. Алардын биринде ал трибуналарга тыюу салынган фотоаппаратты стадионго алып кирип, португалдык жана голландиялык футбол жылдыздарын сүрөткө тартып алууга жетишкен.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Мен футбоду абдан жакшы көрөм. Анан албетте мен дүйнөнүн жана Европанын чемпионаттарын көргөндү да жактырам.

2012-жылдын январында мен июнда бир айга Украинанын Харьков шаарына бараарымды укканда кубанычымдын чеги жок эле.

«Немис толкуну» академиясы мени Евро-2012ни чагылдыруу боюнча семинарга насаатчы болууга чакырды. Анын катышуучулары — КМШ өлкөлөрүнөн чогулган журналисттер — футболдук беттештердин өзүлөрүн эмес, а европалык биринчиликти кабыл алган шаарлардын эң белгисизи болгон Харьков шаарына мелдештин кандай таасир эткенин чагылдыруулары керек болчу.

Сапарга дагы беш ай калган, бул аралыкта менде даярданып алууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ошондуктан мен журналисттик аккредитация менен алектенип баштадым. Европада футболдук уюмдардын башында турган УЕФАнын расмий сайтындагы форманы толтуруп, мен жооп күтө баштадым.

Бирок жооп ала алган жокмун. Алар жөн гана менин билдирмемди четке кагып коюшту. Мен кийинчерээк түшүнгөндөй, УЕФА  билдирме жөнөткөн ЖМКлардын ичинен  кызматташууга өзү каалаганын тандап алууга укуктуу экен. Аны менен катар тандалып алынган ЖМКлар журналисттеринин оюнчуларга жакын барып, басма сөз жыйындарына катышып, оюн талаасынын четинде жүрүү сыяктуу бир нече укуктарга ээ болуулары үчүн аз эмес акча төлөшү керек экен.

Чынында мени маалымат каражаттарынын акча төлөшү керектиги таң калтырган деле жок. Мени УЕФАнын билдирмемди четке кагып, мага мүмкүнчүлүк берип койбогондугу капалантты.

Дагы бир мени капаланткан нерсеге Харьковдун өзүндө туш болдум. Нидерланды-Дания курамаларынын беттештери үчүн билет сатып алуу үчүн расмий зонага фотоаппарат асынып алып баргам — ал сапарымда мен объективи 18-200 мм болгон, жыйылган түрүндө анчалык деле чоң көрүнбөгөн 600чү «Кэнонду» алып алгам.

Анткен менен билет саткан УЕФАнын кызматкери фототехникамды көрүп мага: «Мындай фотоаппарат менен сени стадионго киргизишпейт» деди.euro-2012_0168Тактап айтканда, УЕФА акча төлөтүп, өзүнө гана белгилүү болгон критерийлер менен оюндарды чагылдыруучу ЖМКларды тандап алганы аз келгенсип көрүүчүлөргө да көптөгөн чектөөлөрдү киргизген экен.

Нидерланды-Дания курамаларынын беттешине мен тил алуу менен фотоаппараты жок бардым. Бирок анда объективдери анча чоң болбосо да «кэнон» фотоаппараттары бар адамдарды стадионго киргизип жаткандыктарын көрүп абдан ачуум келди.

«Металлист» стадиону Евро-2012ге даярданып жатат. Анда мага бул сүрөттү жайгаштырууга тыюу салышкан.
«Металлист» стадиону Евро-2012ге даярданып жатат. Анда мага бул сүрөттү жайгаштырууга тыюу салышкан.

Экинчи оюнга — Нидерланды-Португалия беттешине — мен кандай гана болбосун фотоаппарат менен кирип, трибунадан мүмкүн болушунча сапаттуу сүрөттөрдү тартып алууну чечтим. Мен буларды УЕФАнын адилетсиз саясатына нааразычылык катары жасагым келди (анан албетте өзүмдүн жеке архивимде футбол жылдыздарынын сүрөттөрүнүн болушун каалагам).

17-июнь. Нидерланды менен Португалиянын курама командалары беттеше турган күн. Голландиялыктар өзүлөрүнүн топтук беттештеринин бардыгын өткөргөн Харьков шаары кайрадан «Металлист» стадионун көздөй агылган саргылт түстөгү кийимчен күйөрмандарга толуп калды.euro-2012_0117Стадионго фотоаппарат менен кантип өтсөм болот? Мени өткөрүп жиберүүлөрү мүмкүн, бирок коопсуздук кызматкерлерине менин объективимдин жакпай калуу ыктымалдыгы да жогору болчу.

Анан мен голландиялыктарга окшоп кийинип алдым. Мен голланддыкка абдан окшошмун да, чынбы?euro-2012_0169Саргылт топко аралашып стадиондун дарбазасын көздөй жөнөдүм, ал жактан бир аз кезек күтүп турган соң коопсуздук кызматынын текшерүүсүнө жеттим.

Мени текшерип жатып ал атайын сумкага салынган фотоаппаратымды көрсөтүүмдү өтүндү. Аны алып чыкканымда коопсуздук кызматкери орус тилинде мындай техника менен стадионго кирүүгө болбой тургандыгын айтты.

Мен болсо ага англис тилинде жооп берип, анын эмне деп айтып жатканын жакшы түшүнбөй атканымды айттым. Сыртынан караганда коопсуздук кызматкери 20 жаштардагы баладай көрүндү. Ал өзүн жоготуп, чала-була англис тилинде сактоо камералары тууралуу бир нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылып баштады.

Мен болсо албетте аны түшүнбөй жаткандай түр көрсөтүүмдү уланта бердим.

Анан ал коопсуздук кызматынын башчыларынын бирин чакырды. Бою узун, улуураак 45тер чамасындагы бир киши келди. Алгач алар өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алышты:

— Эмне болду?
— Билбейм, бир чет өлкөлүк эрежелерди түшүнбөй атат!
— Анда ага түшүндүр да!
— Ал орусча таптакыр билбейт экен! — деп кыйкырды жаш коопсуздук кызматкери.

Бул мен үчүн өтө таң калычтуу болду, анткени Евро-2012де иштегендердин бардыгын жок дегенде англис тилинде жөнөкөй сөздөрдү сүйлөп, өз оюн билдирүүгө үйрөтүүлөрү керек болчу, бирок мен күбө болгондой, уюштуруучулар ага жетишпей калышкан өңдүү.

Коопсуздук кызматынын улук кызматкеринин да англисче сүйлөй албагандыгы көйгөй жаратты. Ал нускамалар жазылган китепчени сууруп чыгып, объектив 10 же 15 сантиметрден узун болбошу керектиги тартылган сүрөттү көрсөтүп баштады.

Англис тилинде өз ойлорун түшүндүрө албагандыктары менен коопсуздук кызматкерлеринин экөөсү тең мага болушунча сылык мамиле кылышты. Кантсе да советтик адамдар «чет өлкөлүктөр» менен башка советтик кишилерге таптакыр түрдүүчө мамиле жасашат. Эмнегедир мага анда эгер мен алар менен орусча сүйлөшүп, Кыргызстандан экенимди айтсам бул планым таптакыр ишке ашпай калчудай сезилген.

А план ишке ашты! Коопсуздук кызматынын улук кызматкери менин бетиме нускаманы такап түшүндүрүүгө аракет кылып жатты, а мен ага англис тилинде объективимдин сүрөттө көрсөтүлгөндөй деле узун эмес экендигин айтып жаттым.

Белгилүү болгондой, бул убакыттын ичинде менин артымда кезек күтүп турган адамдар толуп кетти, алардын көбү менин жаңы «голландиялык-мекендештерим» эле. Оюндун башталышына дагы бир сааттык убакыттын бар экендигине карабастан алар бир аз кыжырданып башташкан.

Анан ошол маалда куткаруучу пайда болду десем болот. Уюштуруу комитетинен бир аял келди. Харьковдун боорукер периси. Ал келип ойго келгис окуяны көрдү — голландиялыктар кезек күтүп турушат! Минтип дүйнө жүзүнө уят болууга таптакыр жол бербеш керек эле да.

Ал англис тилинде сүйлөйт экен. Мага келип кандай көйгөйлөр болуп жаткандыгын сурады.

Мен нааразы болгон голландиялыктын образында өз курама командамды колдоо үчүн алыстан келсем ойдон чыгарылган себептер менен киргизбей жаткандыктарын айтып ага даттандым!

Ал менден англисче кечирим сурап, анан мени түшүнбөйт деген ойдо коопсуздук кызматкерлерине таптакыр башкача тондо: «Силер эмне, голландиялыктар менен көйгөйдүн жаралышын каалап жатасыңарбы? Кире берсин!», - деди.

Стадиондо

Бул кандай гана жеңилдөө эле! Белгилей кетүү керек, бүктөлүп жыйылган түрдө менин объективимдин абалы УЕФАнын нормаларында уруксат берилген узундуктай эле же ошонун айланасында болсо керек. Бирок мен трансфокатор менен колдонгонумда албетте объектив белгиленгенден кыйла эле узун болуп калды. Мындан улам мен УЕФАнын эрежелерин буздум болуш керек деп ойлойм.

Албетте мен мыйзамдардын бузулушуна каршымын жана эч кимди андай кадамга барууга чакырбайт элем. Бирок мен конкреттүү бул эрежелерди адилетсиз жана акылга сыярлык нормаларга карама-каршы келген эреже деп эсептейм — өзгөчө менин аккредитация үчүн жөнөткөн билдирмемди карабай койгондугуна байланышкан контекстеги эрежелерине. Ошондуктан мен аларды билим туруп, максаттуу түрдө бузганымдан кылмыштуу деле эч нерсе көгөнүм жок.

Беттештин алдында кызыктуу деле эч нерсе болгон жок, ошондуктан мен фотоаппаратты кандай тууралоо керектигин түшүнүү үчүн болжолдуу кадрларды жасап жаттым. Объективимдин 200 мм фокусттук аралыкка чейин илгери жыла алганы менен эл отурган жогорку трибунадан баары бир укмуштуудай сүрөттөрдү тарта албасың түшүнүктүү.

Оюндарды мына мындай камералар менен тартышат:euro-2012_0119Бул тик учак бир нече жолу жогорку жактагы көрүнүштү үч секунд гана көрсөтүү үчүн оюн башталгандан бүктөнгө чейин стадиондун үстүндө учуп жүрөт:euro-2012_0120Оюн талаасындагы чөптү акыркы мүнөттөргө чейин сугарышат:euro-2012_0125Бир катар харьковдук жеригиликтүү күйөрмандар кимге жан тартып, кимди колдой тургандыктарын өзүлөрү да түшүнүшпөй эле:euro-2012_0144А кээ бирлери кимди колдой тургандыктарын так түшүнүшөт, бирок ал учурда алардын сүйүктүү курама командасы өлкөнүн башка шаарында оюн көрсөтүп жаткан:euro-2012_0145Мына, оюнду тарта турган дагы бир камера:euro-2012_0146Мунун баары анча деле кызыктуу эмес. Жарым сааттан кийин көптөн күткөн учур келди — алгачкылардан болуп дене-бойду жазууга голландиялык футболчулар чыгышты. Аларды сүрөткө тартып жатып кадрда дароо бир нече футбол жылдызы бар экендигин түшүнгөнүңдө укмуштуудай сезимдер пайда болот. Оп-па — деп туруп бир нече украин балдарынын Марк ван Боммел менен Арьен Роббендин алдында эч нерседен капарсыз Португалиянын желегин желбиретип көтөрүп тургандыктарын жана алдыда Весли Снейдердин өз машыктыруучусу менен сүйлөшүп жаткандыгын тартып алдым:euro-2012_0118Голландиялыктар алгач оюн талаасына сүрөттөгүдөй көк түстөгү форма менен чыгышты. Андан соң кайрадан кызгылт түстөгү кийимдерин кийип келишти. Мен бул манипуляцияны азыркыга чейин түшүнгөнүм жок:euro-2012_0122Португалдыктар болсо машыгууга дароо эле оюнга чыга турган кийимдери менен чыгышты:euro-2012_0121Камералардын бири ал кездеги «Твентенин» оюнчусу Люк де Йонгдун үстүндө илинип турат:euro-2012_0123Машыгуу маалында оюнчуларды сүрөткө тартуу оңой болду — алар анча активдүү кыймылдашкан жок. А качан алар оюн талаасынын мен отурган бөлүгүнө жакын келишкенде сүрөттөр өзгөчө даана болуп тартылып жатты. Дирк Кёйт (№7) менен Халид Буларуз (№21) машыгууларын аякташты:euro-2012_0124А УЕФА редакцияларына жооп берген шүмшүктөр мына мында. Өзүмдүн алардын арасында турбагандыгымды дагы деле адилетсиздиктин жеткен чеги деп эсептейм:euro-2012_0126Албетте, бул фотосүрөтчүлөр үчүн иштөөгө эң жакшы орундар каралган:euro-2012_0127Менин жогору жакта отурган калыбымда жалпы команданы тартканым деле жаман болгон жок. Голланддыктар:euro-2012_0128Бардыгы тең Криштиану Роналдуну күтүп жатышты. Бул менин аны (№7) даана тартып алган алгачкы сүрөтүм. Португалдыктар:euro-2012_0129Оюн башталганда футболчулар машыгуудагыга караганда катуураак чуркап, аларды сүрөткө тартуу кыйын болуп калаарын түшүнүп турдум:euro-2012_0130Албетте, менин бул сүрөттөрүм үлгүлүү эмес. Бирок мен жогорку трибунадан жана анча жакшы эмес объектив менен тартылган сүрөттөр үчүн буларды кыйла эле жакшы деп эсептейм. Кара түстөгү кийимчен Весли Снейдер чабуул жасоого аракет кылууда:euro-2012_0131Найджел де Йонг (№8) Нанини (№17) кулатууда:euro-2012_0132Криштиану Роналду ага каршы оюн эрежеси бузулуп жаткандыгын айтып нааразы болууда:euro-2012_0133Кайрадан Наниден топту тартып алууга аракеттенип жатышат:euro-2012_0134Нанинин багынгысы жок:euro-2012_0135Нани болгон аракетин көрүүдө:euro-2012_0136Роналду (№7) чабуул жасоодо, а Элдер Поштига (№23) оюн калысы байкабай калган эреже бузуулар менен Йорис Матейсенди (№4) алаксытууда:euro-2012_0137Эми Элдер Поштиганын өзү чабуулга өттү:euro-2012_0138Снейдер капталдагы калыс менен урушуп жатат:euro-2012_0139Нани Криштиану Роналду оюн эсебин теңегенден кийин аны кучактап жатат — ага чейин голландыктар 1-0 эсебинде утуп жатышкан:euro-2012_0140Дагы куттуктоолор:euro-2012_0141Нани өз тобунан чыкпай калуу коркунучунун жакындагандыгын сезген голландиялыктардан жаакка сокку жеди:euro-2012_0142Робин ван Персинин (№16) ал беттеште бар-жок экендиги таптакыр билинген жок. Ал начар ойногондуктан менде дээрлик анын сүрөтү жокко эсе:euro-2012_0147Рауль Мейрелешти (№16, «Челсиде» ойночу) кимдир бирөө башка урду…euro-2012_0148…ал убактылуу оюн талаасын таштап кетүүдө:euro-2012_0149Анан Роналду экинчи топту киргизип, португалдыктарды алдыга чыгаруу менен голландиялыктардын мелдештин кийинки баскычына өтүүгө болгон үмүтүн дээрлик өчүрдү (жыйынтыгында голландиялыктар топтук беттештердеги үч оюнунда тең жеңилүү ызаасын тартышкан):euro-2012_0150Арьен Роббен (№11) дагы деле болсо бир нерсе жасоого аракет кылып жатты:euro-2012_0151Бирок эч пайдасыз — португалдыктардын коргонуусу эң жогорку деңгээлде болду:euro-2012_0154Нани алмаштыруудан кийин оюн талаасынан кетип бара жатат:euro-2012_0153Португалдыктар татыктуу жеңишке жетишти:euro-2012_0155 (1)Арткы фондо демөөрчүлөрдүн эн тамгаларынын кантип пайда болуп калаарын түшүндүңөр да?euro-2012_0156Өтө жакшы күн болгон. Эми мындай деңгээлдеги беттештерге качан бараарымды билбейм. Ал күнгө чейин ФИФА менен УЕФА төмөндөгү эрежелердин бирин карап чыгышат деген үмүттөмүн:

а)маалымат каражаттары үчүн аккредитация алууну жеңилдетет, жок дегенде өнүкпөгөн өлкөлөрдүн журналисттерине жооп берип башташат;
б) же болбосо уруксат берилген объектив көлөмүн көбөйтүшөт.

А ага чейин — эгер ушул сыяктуу иш-чараларга барып кала турган болсом — сөзсүз башка өлкөнүн жашоочусумун деп айтып кирүүгө аракет кылам.

Менин голландиялыкмын дегениме бир жолу ишенгендиктен мындан ары дагы кайсыл гана өлкөнүн жашоочусумун деп айтпайын ишенишет деген ойдомун.

Автор:  Бектур Искендер