Бишкекте үч студент кыз жоголду

Айжамал менен Чолпонай

Кыздар 17-апрель күнү жоголушкан, андан бери  алардын кайсыл жерде экендиктери белгисиз. Туугандарынын айтымдарында, аларга белгисиз адамдар телефон чалышып, кыздар менен баары жайында экенин айтып ишендиришкен.

18 жаштагы Айжамал Кожомбердиева 17-апрель күнү кечинде жоголгон. Ал Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү «Учкун» конушунан чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Ошол эле күнү анын эки курбусунун да үйлөрүнө келбей, жоголуп кеткендиктери белгилүү болгон.

Айжамалдын жездеси  Акыл Байташов «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде үч кыз бири-бири менен жолугушууну болжошкон болушу мүмкүндүгүн айткан.

«Кыязы алар жолугушууну болжошкон окшойт», — деген ал.

Анын айтымында, жоголгондордун бири 1995- жылкы Кутманбек кызы Айжан, экинчиси 1996- жылкы Чолпонай Кудайбергенова.

Жоголгон кыздын тууганы Айжамалдын телефонунун сигналы 19-апрель күнү Талас облусунун Көк-Ой айылында катталгандыгын кошумчалаган.

«Кечээ гана анын апасына жашыруун номур аркылуу бирөө телефон чалып, өзүн Айжамал деп тааныштырган. Ал баары жайында экенин жана үч күндөн кийин шаарда болоорун айткан. Сүйлөшүүнүн узактыгы болгону 6 секунд болгон, бирок анын чынында эле Айжамал же ал эмес экендиги так түшүнүксүз бойдон калды», — деди ал.

Айжан менен Айжамал
Айжан менен Айжамал

Жездесинин айтымында, жоголгон берки кыздын апасынын телефонуна да чалуулар болгон — ага да белгисиз адам кызынын жайында экендигин айтып, ынандырууга аракет кылган.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде кыздардын жоголгондуктарынын чоо-жайын билбестигин жана аларда ал кыздар тууралуу маалыматтардын жок экенин билдирди.

Урматтуу окурмандар, эгер жоголгон кыздарды кайсыл бир жерден көрсөңүздөр, же алар тууралуу маалыматтарга ээ болсоңуздар төмөндөгү номурларга кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 0770-096-111 Мавлюда, 0772-268-780 Индира, 0777-094-952 Айнура, 0705-564-554 Азим.

Автор:  Уулкан Жекшенбек кызы