Видео: Милициянын унаасы жол чырак кызыл күйгөндө өтүп баратат

Бишкектик айдоочулардын биринин видеорегистратору Жол кайгуул кызматынын MVD 297B номурлуу унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткендигин тартып алган. Видонун авторунун билдирүүсү боюнча окуя 17-апрель күнү болгон.

Видеонун түп нускасы drive2.kg сайтына чыккан

Урматтуу окурмандар, жол эрежелери Жол кайгуул кызматкерлеринин өзүлөрү тарабынан бузулбашына каршы кантип натыйжалуу күрөш жүргүзүү керек деп эсептейсиздер?