Видео: Эльдар Джангировдун Бишкектеги концерти

18-апрелде Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасына «Грэмми» сыйлыгынын номинанты Эльдар Джангиров чыгып, чыгармаларынын жарымын жеке өзү жана жарымын джаз триосунун курамында аткарды.

Ал сахнага Бишкекте тогузунчу жолу өтүп жаткан джаз фетивалынын алкагында чыкты. Пианист Эльдар Джангировду кезектеги жолу алып баруучу болгон «Джаз.Ру» журналынын башкы редактору Кирилл Мошков тааныштырды.

18 жылдан бери Бишкектеги концертке биринчи жолу келген Эльдар алгач чыгармаларын жеке аткаруунда менен баштады. Бышып жетилген джазмен чогулган күйөрмандарын ылдам пассаждар менен кызыткан соң залды өзүнүн триосунун курамы менен тааныштырды — контрабас менен бас-гитарада Майк Поуп жана урма музыкалык аспапта Тодд Стрейт.IMG_0126-1024x682Коллектив толук курамда аткарган алгачкы чыгарма Коул Портердин What Is This Thing Called Love? чыгармасы болду.

Эльдар жеке аткаруусунда өзүнүн чеберчилигинин техникалык кынтыксыздыгынын аз гана бөлүгүн көрсөтсө, пианисттин оор, комплекстүү музыкадан жагымдуу күү менен обондорду өзүнчө алып чуугадагы таланты топ менен бирге ойноосунда даана байкалды.IMG_0136-1024x682Анткен менен бул жагынан алганда The Beatles тобунун Blackbird чыгармасын аткаруусу үлгүлүүрөөк болду. Чыгарманын оригиналындагы гитара менен вокалдын коштоосундагы жөнөкөй обон Эльдардын аткаруусунда ошондой эле кайгылуулугун, анын көңүл шарын жоготкон жок.

Анын бул концерттен сырткаркы джаз менен анча айкалышпаган материалдарды ыңгайлаштыра билүүсүн классикалык музыка менен академиялык музыканы (Three Stories альбомундагы чыгармалар), ошондой эле анын рок менен айкалышуусундай (Blackbird — Live At The Blue Note пластинкасындагы бонустук чыгарма, Breakthrough пластинкасындагы Morning Bell чыгармасы) бааласак болот.

https://soundcloud.com/kloop-1/blackbird

Пианисттин аткаруусунун экспрессивдүүлүгүн жана аткарылган чыгармалардын түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алганда урма аспаптар менен аткарылган бастар кыйла маанилүү ролду ойношту. Тодд Стрейттин жоопкерчилигиндеги Майк Поуптун жеке партиялары менен ритм-секциялары далай ирет байкалды.

Бул кечте акыркы аткарылган чыгармалардын эң негизгиси эсте калаарлык, жөнөкөй бирок өзгөчөлөнүп турган Point of View чыгармасы болду.

Мында музыкалык аспап менен укмуштуудай ойной билүү да, импровизациялык духтун кайраттуулугу да, ошондой эле сейрек учуроочу техникалык мүмкүнчүлүктөр да даана байкалды.

Бир жагынан Эльдардын аткаруу манерасынын өсүп-жетилип, жаштардын максималдуулугунан өтүп, модалдуу джаз катары калыптангандай сыяктанганы менен, башка жагынан алганда ал өсүп-жетилүүнүн ылдамдыгы бардык мүмкүн болгон чектерге жетип, өзүнө көп көңүлдүн бөлүнүүсүн талап кылып тургандай. Анткени кээ бирде пианисттин мыкты аткаруусу ушунчалык туруктуу болгондуктан жүрөгүң жетиле элек башка бир нерсени талап кылып баштагандай сезилет.

Авторлор:  Азамат Өмүралиев, Нуржамал Жаныбекова жана Кубан Макешов