Видео: «Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалында

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалдык бөлүгүнө өтпөй калды.

КВНдин жогорку лигасынын чейрек финалынын биринчи оюну 10-апрелде Москвада өткөн. Анда Кыргызстандан барган «Азия Микс» командасы 12,2 упай алып, беш команданын ичинен төртүнчү орунга ээ болгон.

Үчүнчү орунга ээ болгон Саратовдон барган командага теңелүү үчүн кыргызстандыктарга 0,5 упай, ал эми оюндун лидери болгон «Союз» командасына жетүүгө 1,6 упай жетпей калды.

Команданын эсебине капитандар сынагы өтө чоң таасирин тийгизип койду — анда «Азия Микстин» лидери Эльдияр Кененсаров «Москвада жүргөн азиаттар үчүн абдан керектүү iДжан S5 телефонун» сунуштап, ал тууралуу айтып берген.

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири — алып баруучу жана музыкант Николай Фоменко — кыргызстандыктарга мүмкүн болгон 3 упайдан 1 гана упай берди.

Азырынча «Азия Микстин» эң жогорку жетишкендиги — бул команданын чейрек финалдагы оюндары.

Команданын өзү «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өтүү үчүн «колдон келген бардык аракеттерди көргөндүктөрүн» жазган.

“Албетте биз кайгырбай элебиз, КВН деген биринчи кезекте позитивдүү эмоциялар жана жаркын шоу. Биздин сахнадагы номурларыбызды көрүп абдан күлдүңөр же жакынкы күндөрү ТВдан көрүп күлөсүңөр деген үмүттөбүз!“ — деп жазган команда.

Оюндун телеверсиясы Орусиянын Биринчи каналынан 20-апрель күнү кечинде көрсөтүлдү.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

Анын 1964-жылдан берки алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда — 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.