Мэр Бишкекте велотилкелерди түзүүнү убадалады

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов борбордо велосипеддер менен жүрүүгө ылайыкташтырылган велотилкелерди түзүүнү убадалады. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

Буга чейин борбордо велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган жолдорду түзүү идеясы коомчулук тарабынан айтылып келгени менен бул жолкусунда ал тууралуу мэрдин өзү билдирди.

Кулматов 20-апрель күнү өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына велосипедчилер үчүн велотоктотуучу жайлар менен велосипед менен жүрүүгө ылайкташтырылган велотилкелерди түзүү демилгесин колдой тургандыгын жазды. Андай велосипед токтотуучу жайлардын бири борбордук муниципалитеттин имаратынын алдында орнотулган.

«Көпчүлүктүн велосипеддерге отурушу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Биздин шаардын шартында — бул өтө ыңгайлуу. Кийинки кадамыбыз велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган велотилкелерди түзүү болот», — деп жазган мэр.

Атайын репортаж: Бишкектеги велосипедчилерге эмнелер тоскоолдук кылат?

Борбордо велосипед менен жүрүүгө ылайыкташтырылган жолдорду түзүү демилгеси Кыргызстандын велосипедчилер коому менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан өткөн жылдын октябрында эле көтөрүлүп чыккан.

Алар сунуштаган схемага ылайык, Бишкекте анын негизги кооз жерлерин, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгү менен кичи райондорду байланыштыра турган велосипед жолдору менен тилкелеринин үч маршруттук каттам болот.

Анда Кыргызстандын велосипедчилер коомунун негиздөөчүсү Кубат Сыдыков бул демилге мэрияда колдоо тапкандыгын жана анын жакынкы убактарда ишке ашуусу «толук мүмкүн» экендигин Kloop.kgге билдирген.

«Мен демөөрчүлүк колдоо сурап ири корпорациялардын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атам. Анын жетекчиси бул демилгеге туура көз карашта, бирок азырынча акча бөлүү маселеси чечиле элек», — деген Сыдыков.