Жаңы конуштагы мектеп мугалиминин бир күнү

Асылгүл Бектурганова Ак-Өргө конушундагы №77 мектепте кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча күндө сабак берет жана бул жумушу үчүн айына 7 миң сомдук айлык алат. Kloop.kgнин журналисттери аны менен бир күн болуп, эмне себептен аз айлык үчүн иштеп жүргөндүгүн түшүнүүгө аракет кылышкан.

Асылгүл Бектурганова жолдошу жана үч баласы менен Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт — коңшу Ак-Өргө конушундагы мектепте мугалим болуп иштейт.zzzzzzzzzz_77_0108№77 мектепте билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бектурганова 2007-жылдан бери ал мектепте кыргыз тил жана адабият мугалими болуп эмгектенет.zzzzzzzzzz_77_0109Анын үч баласы бар, учурда дагы кош бойлуу. Операция маалындагы дарыгерлердин катасынан улам 13 жаштагы улуу баласынын кулагы укпай калган.

Бектурганова айына 7 миң сомдук айлык жана уулунун майыптыгы боюнча дагы 4 миң сом жөлөк пул алат. Курулушта иштеген жолдошунун айлыгынын туруктуу эместигин эске алганда бул каражат үй-бүлөнү багууга араң дегенде жетет.zzzzzzzzzz_77_0110 (1)Бирок Асылгүл эжеде мектептеги жумушун таштап кетүү оюнда да жок. «Өзүңдү балдарга арнагандан кийин башка эч жакка кете албай каласың», — дейт ал.

77-мектепте бир жарым миңге жакын окуучу окуйт, негизинен Ак-Өргө конушунун балдары.zzzzzzzzzz_77_0104Асылгүл эже — 6-Б класстын класс жетекчиси. Класска англис тили жумасына бир гана жолу кирет.zzzzzzzzzz_77_0105Алтынчы класстар үчүн информатика сабагы да аптасына бир жолу кирет. А 10-11-класстарда ал таптакыр эле кирбей калат. Албетте эгер ага чейин билим берүүнүн программасы өзгөрүп кетпесе.zzzzzzzzzz_77_0112Анын кабинетиндеги адабияттар көп түрдүүлүгү менен деле айырмаланбайт.zzzzzzzzzz_77_0106Асылгүл эже «Манас» китептеринин көптүгүн кабинеттин кыргыз эпосуна арналгандыгы менен түшүндүрдү. «Башка адабий чыгармалар башка предметтердин программаларына киргизилген жана окутулуп жатат. Ар бир класста календарлык пландар боюнча башка авторлордун чыгармалары окутулат», — дейт ал.zzzzzzzzzz_77_0111Жайкы өргүүдө Ысык-Көлгө барып эс алып келүүгө Асылгүл эженин акчасы жетпейт. Ал жайында балдары менен бирге туулуп-өскөн Нарын облусундагы жайлоого барып келүүнү пландаштырып жатат.zzzzzzzzzz_77_0113Биз маанилүү жумуш аткарып, бирок мамлекет жана коомчулук тарабынан өтө аз көңүл бурулуп келген адамдар тууралуу көбүрөөк жазууга аракет кылуудабыз. Төмөндөгү пикир калтыруу бөлүмүн пайдалануу менен бизге каармандарды сунуштаңыздар.

Авторлор: Бермет Аликеева, Дания Талгатбекова, Жамиля Биялинова жана Айсулуу Эркинбекова