Видео: Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу экинчи жолдун курулушу

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу альтернативалуу унаа жолдун курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта башталды. Kloop.kgнин кабарчысы курулуш иштери жүрүп жаткан жерде болуп кайтты.

Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган экинчи жол болот — бүгүнкү күндө өлкөнүн эки бөлүгү Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу байланышып турат.

Андан сырткары жаңы жолдун курулушу менен Кытайдан Кыргызстандын түштүгүнө барчу жол да кыйла кыскарат — ал аркылуу Бишкекке келбестен эле Кочкор менен Нарын облусуна, андан түз эле Жалал-Абад жана Ош облустарына өтүп кетүүгө болот.

Жаңы жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт, анын курулушуна болжол менен 850 млн. АКШ доллары керектелет.

Жаңы жолдун ачылышы 2017-жылга пландаштырылууда.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев