Видео: Саруулуктардын иши боюнча соттук процесс

Ушул мүнөттөрдө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Кумтөр» алтын кенин улутташыруу талабы менен 2013-жылдын октябрында Караколдо өткөн митинг маалында кармалган Саруу айылынын жашоочуларынын иши боюнча соттун жыйыны өтүп жатат.

Бул Биринчи май райондук сотунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын жашоочуларынын иши боюнча өткөн экинчи жыйыны.

Айылдын жашоочулары «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен 7-октябрь күнү өткөн митингден кийин Каракол шаарындагы башаламандыктарды уюштурушкан деп айыпталып жатышат.

Ал нааразычылык акциясына негизинен кенге жакын жайгашкан Саруу айылынын жашоочулары катышышкан.

Митингдин жүрүшүндө алар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтаган алып, андан соң Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратын басып алууга аракет кылышкан.

Нааразы болгондор менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуулардан кийин милиция ал митингди кууп тараткан. Анын жүрүшүндө 25 киши кармалган, бирок алардын жарымы көп өтпөй бошотулган.

Жыйынтыгында Караколдогу башаламандыкка 15 кишини айыпташкан. Алардын алгачкы сегизине карата биринчи баскычтагы сот өкүм чыгарган, алар ал өкүм боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанууга камынып жатышат.

Бүгүнкү жыйында сот жообуна тартылып жаткандар Кылмыш кодексинин беш беренесин бузган деп айыпталып жатышат.

Автор:  Хлоя Гейне