Баткен облусундагы жарылуудан эки бала каза болду [13:00дө жаңыланды]

Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Зардалы кыргыз айылында балдардын колундагы белгисиз жарылуучу зат жарылып кеткен. Бир бала ошол жерде дароо каза болуп, экинчиси кийинчерээк ооруканадан көз жумду. Дагы төрт бала түрдүү даражадагы жарааттарды алышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 17-апрель күнү 4 жаштан 10 жашка чейинки алты баладан турган топ Зардалы айылынын четинен «аныкталбаган жарылуучу зат» таап алышкан соң ал жарылып кеткен.

«Жарылуучу затка этияттык менен мамиле кылынбагандыктан ал жарылып кеткен, жыйынтыгында беш бала түрдүү даражадагы жараатарды алышып, бирөө алган жаракаттарынан улам ошол жерде дароо каза болгон, кийинчерээк жараат алган дагы бир бала көз жумган», — деп жазылган Чек ара кызматынын пресс-релизинде.

ИИМдин берген маалыматтары боюнча, каза болгон балдардын бири 6да, экинчиси 14 жашта болгон.

Болжолдуу версиялардын бири боюнча, 1999-жылы Баткен облусунун аймагына Өзбекстан Ислам кыймылынын согушкерлеринин кирип келишинен кийин калган кол гранатанын снаряды жарылган.

«2001-жылдан тарта Баткен облусунда эле чек арачылар тарабынан көптөгөн курал-жарактар [...], миңдеген ашык түрдүү калибрдеги ок-дары, ошондой эле жарылуучу заттар табылган», — деп жазылган чек арачылардын билдирүүсүндө.

Ыкчам-иликтөө тобу барганга чейин жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн жарылуу болгон жер курчоого алынды.

Жарадар болгон балдардын туугандары окуяга бийликти күнөөлөп жатышат. Алардын айтымдарында, Баткендеги согуштан кийин аймак ок-дары, жарылуучу заттардан толук тазаланган эмес.

«Туугандары 1999-жылдагы окуялардан кийин аймактын жакшы тазаланбагандыгын, ошондой эле согушкерлер Зардалы айылында бир айга жакын болгондуктан айылдын тегерегин да тазалоо керектигин айтып жатышат», — деп билдирди Баткенден «Азаттык» радиосунун кабарчысы Жеңиш Айдаров.

Жөө көтөрүп барышкан

Бийик тоолуу аймакта жайгашкан Зардалы айылында болгону 20га чукул үй-бүлө жашайт. Кара-Белес ашуусу жабык болгондуктан учурда айылга баруу кыйла кыйынчылыктарды жаратат.

Мындан улам чек арачыларга жараат алган балдарды 12 чакырым аралыкка жөө көтөрүп келүүгө туура келген.

«Чек арачылар жергиликтүү жашоочулар менен бирге балдарды Жопай айылына жөө алып келишкен, анда балдарга кошумча медициналык жардамдарды көрсөтүшүп, андан соң Баткен облустук ооруканасына жеткиришкен», — деп билдирди Чек ара кызматы.

Жарадар болгон балдардын туугандары экинчи баланын Чек ара кызматы кабарлагандай ооруканада эмес, айылдан жөө көтөрүп келе жатышканда каза болгондугун билдиришүүдө.

Дарыгерлер тарабынан жаракат алган балдардын абалдары учурда «туруктуу» деп бааланууда, деп билдиришти чек арачылар.

Бирок «Азаттыктын» кабарчысы Жеңиш Айдаровдун билдиришинче, учурда жаракат алган эки баланын абалы — «оор».

Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев жаракат алган балдар жаткан ооруканага барып, зарылчылык болсо жардам көрсөтүү үчүн аларды Ошко же Бишкекке которуулары мүмкүндүгүн айтты.

«Учурда бул жакка Ош шаарынан эки медицина кызматкери келе жатат», — деди ал.

Зардалы айылы Баткен облусунун түштүк бөлүгүндө Коргон чек ара тосотунан алыс эмес жерде жайгашкан. Маалыматтарга ылайык, бул окуянын акыркы кездерде кыргыз-тажик мамилелерине жана чек арадагы кагылышууларга эч кандай тиешеси жок.

Автор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев