«ОшТВнын» «Мырзакматовдун кишилери» тарабынан сатылып алынышы мыйзамсыз деп табылды

Ош облусунун райондор аралык соту 2010-жылы «ОшТВ» телеканалынын көзөмөл пакетинин сатылышын мыйзамсыз деп тапты. Бир катар ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, телеканал 2010-жылдан тарта Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун көзөмөлүндө болуп келген.

2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү ири телеканалдардын биринин кожоюнунун алмашышы Ош облусунун райондор аралык соту тарабынан мыйзамсыз деп табылды.

Бул тууралуу Kloop.kgнин редакциясына жергиликтүү журналисттер жөнөткөн документтерде жазылган.

КирТАГ агенттигинин маалыматы боюнча, 2010-жылы «ОшТВнын» акцияларынын көзөмөл пакетине ээ болгон Канболот Кошбаев менен ал кезде Оштун мэри болуп турган Мелис Мырзакматов жакын санаалаштардан болушкан.

Кошбаев «ОшТВнын» акцияларына Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган улуттар аралык кагылышуулардан кийин дароо эле ээлик кылган.

КирТАГдын маалыматы боюнча, 2010-жылдын июнунда Кошбаев «басым жасоо жолу менен» телеканалдын мурунку кожоюну Халилжан Худайбердиевди акцияларынын көзөмөл пакетин сатууга мажбур кылган.

Этникалык өзбек Худайбердиев болсс ага каршы Ош коогалаңына тиешеси бар деген айып менен кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Эл аралык уюмдар «ОшТВнын» кожоюнунун алмашышын бир нече жолу сынга алышып, аны 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышууга байланыштуу Кыргызстандын түштүгүндө катталган көптөгөн адам укуктарынын бузулушу менен бир катарга коюшкан.

Азыр «ОшТВ» кимдики?

Кошбаев 2011-жылы телеканалдын акцияларын Мырзакматовдун башка кишиси — Асанбек Абдыкапаровго саткан. Бирок ал келишим да Ош облусунун райондор аралык соту тарабынан мыйзамсыз деп табылды.

2014-жылдын мартында «ОшТВнын» акциялары орусиялык ишкер Максим Кротов тарабынан сатылып алынган. Азырынча соттун бул чечимдеринен кийин Кротовдун телеканалга ээлик кыла алаар-албастыгы так түшүнүксүз.

Эгер соттун чечими боюнча даттануулар болбосо ал үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Мырзакматовдун өзү эки айдан бери Москвада жүрөт.

Ал мезгил-мезгили менен көз карашынын оппозицияга жакын экендигинин четин чыгаруу менен 2013-жылдын декабрына чейин Оштун мэри болуп турган.

Үстүбүздөгү жылдын январындагы шайлоодон кийин кызматтан кеткен Мырзакматов Улуттук оппозициялык кыймылдын активдүү лидерлеринин бири болууга камынып жаткан, бирок февраль айынан кийин саясат мейкиндигинен көрүнбөй, кыймылдын бир дагы иш-чарасына катышпай калган.