«ОшТВнын» мурунку кожоюну июнь окуясына байланыштуу чыгарылган өкүмү боюнча даттанат

2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин 20 жылга эркинен ажыратылган Халил Худайбердиев өкүм боюнча Жогорку сотко даттанат. Эгер анын өтүнүчү жогорку баскычтагы сот тарабынан канааттандырыла турган болсо, анда кайрадан «ОшТВны» кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү жаралышы мүмкүн.

«ОшТВнын» мурдагы кожоюну — этникалык өзбек Халил Худайбердиев — улуттар аралык кастыкты козуткан жана 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында куралдуу топторду түзгөн деп айыпталгандан кийин АКШга качып кетүүгө мажбур болгон.

Ал дайыма дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келгени менен 2011-жылдын аягында сот ага карата 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Анын телеканалы 2010-жылы ал кезде Оштун мэри болуп турган Мелис Мырзакматовдун жакын санаалашы делинип жаткан адамдарга сатылган.

Бирок үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Ош облусунун райондор аралык соту ал келишимди мыйзамсыз деп тапкан.

Эгер ал чечим боюнча Жогорку баскычтагы сотко эч ким кайрылбаса, анда Худайбердиев кайрадан Кыргызстандын түштүгүндөгү ири телеканалдардын биринин кожоюну болуп калышы мүмкүн — албетте, эгер ага карата чыгарылган 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү жокко чыгарыла турган болсо.

Kloop.kgге белгилүү болгондой, «ОшТВны» 90-жылдары түптөгөн телеканалдын мурунку кожоюну учурда дал ушул чечимге жетүүгө аракет кылууда.

«Эгер өкүм жокко чыгарыла турган болсо, анда Халил Худайбердиев «ОшТВнын» толук кандуу кожоюну болуп калат. Ал сөзсүз кайтып келет», — деди Kloop.kgге берген маегинде телеканалдын мурунку кожоюнунун өкүлү, укук коргоочу Равшан Гапиров.

Гапиров жакында эле «ОшТВнын» мурунку кожоюнуна байланышкан кылмыш иштерин өзүнчө бир өндүрүшкө бөлүү өтүнүчү менен Жогорку сотко даттануу арызын жазган.

Худайбердиев азыркыга чейин Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун лидери Кадыржан Батыров менен бирге бир иш боюнча өтүп келген.

«[Худайбердиевдин] Кадыржан Батыровдун ишине эч кандай тиешеси жок. Ал болуп жаткан чыныгы окуяларды гана көрсөткөн. Эгер ал кайсы бир нерсеге күнөөлүү болсо массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын негизинде гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деди Гапиров Kloop.kgге берген маегинде.

Азырынча бул даттануунун качан каралаары белгисиз. Бирок эгер Жогорку сот Худайбердиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгара турган болсо, анда ага каршы козголгон кылмыш иши кайрадан каралат.

Учурда «ОшТВга» ким ээлик кылат?

Ош облусунун райондор аралык соту «ОшТВнын» сатылышын мыйзамсыз деп тапкан соң учурда ага кимдин ээлик кылаары түшүнүксүз бойдон калууда.

Гапировдун айтымында, «ОшТВ» Мырзакматовдун кишилерине 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин сатылган.

Ошол кезден 2014-жылга чейин иш жүзүндө телеканал Оштун мэрине таандык болуп келген жана эреже катары ага байланыштуу окуялардын, маалыматтардын эч бирин калтырбай, позитивдүү маанайда чагылдырып турган.

Бирок 2014-жылдын аягында — Мырзакматов калаа башчылыгынан кеткенден кийин — телеканалды орусиялык ишкер Максим Кротов сатып алган жана соттун чечиминен кийин анын «ОшТВга» ээлик кыла алаар-албасы азырынча түшүнүксүз бойдон калууда.

Гапиров Кротов менен түзүлгөн келишимди мыйзамсыз деп эсептейт.

«Эгер 27-мартта телеканалды кимдир бирөөгө саткан болушса анын баары жарабайт. Эгер алар аны сатып алышкан болсо күйүп кетишет», — деп божомолдоду Худайбердиевдин өкүлү.

Мырзакматов кайсыл жакта?

Азырынча «ОшТВнын» учурдагы өкүлдөрү менен Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болушууда.

Эгер соттун чечими боюнча даттануулар болбосо ал үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта күчүнө кирет.

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Мырзакматовдун өзү эки айдан бери Москвада жүрөт.

Ал мезгил-мезгили менен көз карашынын оппозицияга жакын экендигинин четин чыгаруу менен 2013-жылдын декабрына чейин Оштун мэри болуп турган.

Үстүбүздөгү жылдын январындагы шайлоодон кийин кызматтан кеткен Мырзакматов Улуттук оппозициялык кыймылдын активдүү лидерлеринин бири болууга камынып жаткан, бирок февраль айынан кийин саясат мейкиндигинен көрүнбөй, кыймылдын бир дагы иш-чарасына катышпай калган.