«Билайн» баланс толтуруудагы алынчу комиссиялык төлөмдөрдү жойду

«Билайн» уюлдук оператору 16-апрелден тарта баланс толтурууда алынчу комиссиялык төлөмдөр негизги терминалдар тармактарынын бардыгында өз кардарлары үчүн жоюла тургандыгын убадалады.

1-апрелден тарта «Билайндын» абоненттери үчүн баланс толтурууда алынчу комиссиялык төлөм дароо бир нече ири терминалдар тармагында 5 сомдон 8 сомго чейин жогорулатылган.

Өз кезегинде бул өлкөнүн ири уюлдук операторунун абоненттеринин нааразычылыктарын жаратып, алардын кээ бирлери байланыш операторун алмаштыра тургандыктарын айтып коркутушкан.

Эки апта өткөн соң «Билайн» өз абоненттери үчүн комиссиялык төлөмдү таптакыр жойгондугу тууралуу билдирди.

Уюлдук оператор компания бул кадамга Мамлекеттик антимонополдук тескөө агенттигиндеги жыйындан кийин баргандыгын билдирүүдө.

«Төлөмдөрдү кабыл алуу» үчүн алынчу комиссиялык төлөмдөрдүн жогорулашы маселеси боюнча Мамлекеттик антимонополдук тескөө агенттигинде өткөн жыйындан кийин мамлекеттик орган уюлдук оператордун абоненттеринен төлөмдөрдү алууга байланыштуу пайда болгон кырдаалды жөнгө салуу боюнча жазма буйрук жөнөттү», — деп жазылган «Билайндын» пресс-релизинде.

«Билайн» терминал ээлери менен түзүлгөн келишимдердин 1-апрелге чейин иштеп келген шарттарына кайтып барууга аргасыз болду.

Анткен менен терминалдар тармактарынын бардыгы тең эле ал жазма буйрукту аткарууга шашылышпай эле.

Терминалдарга ээлик кылган Qiwi ири тармагы «Билайндын» абоненттеринин баланс толтуруу мүмкүнчүлүктөрүн 16-апрелден тарта өчүрүп салган.

Qiwiнин өкүлү Kloop.kgнин журналисти менен маектешүүдөн баш тартты.

Ал эми терминалдарга ээлик кылган «Мобильник» компаниясы азырынча баланс толтуруудагы комиссиялык төлөмдү 8 сомдон эле алуусун улантууда.

Kloop.kgнин журналистине «Мобильниктин» өкүлү анын компаниясына мамлекеттик органдардан жазуу түрүндөгү буйрук келбегендигин айтты.

Автор: Виталий Белошапкин