Видео: Жыландардан улам Алай районундагы мектеп жабылды

Ош облусунун Алай районундагы Биринчи май айылынын мектебинде жыландар пайда болгондуктан убактылуу жабылды. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыландар окуучулар менен мугалимдерге коркунуч жаратышы мүмкүн.

Окуя болгон жерге мектептин айланасындагы жыландарга байланышкан маселелерди чечүү үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов жөнөп кетти. Кандайдыр бир чечимдер кабыл алынганга чейин азыр окуу процесси убактылуу токтотулду.

 Видео Би-би-синин кыргыз кызматына таандык жана ал редакциянын уруксаты менен жарыяланды. Автору: Айбек Абдылдаев. Макаланын түп нускасын шилтеме боюнча  окусаңыздар болот.