Видео: Бишкектин базарындагы өрттүн кесепеттери

15-апрель күнү Бишкектин түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан «Чынар» базарындагы газ баллонунун жарылуусунан улам бир киши жабыр тартты.

Газ баллону Бишкектин түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү «Аламедин—1» кичи районунда жайгашкан «Чынар» базарындагы тез тамактануу жайында жарылган. Андан тутанган от жанындагы гүл саткан күркөгө жармашкан. Гамбургер саткан жайдын ээси келтирилген зыяндардын суммасын төлөп берээрин убадалады.

Автор:  Владимир Цай