1991-жылга чейин Бишкектин ар бир районунда балдар үчүн көптөгөн түрдүү ийримдер иштеп келген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин борбордо «Жаш техниктердин станциясы» деген гана жалгыз ийрим сакталып калган. Учурда анда дээрлик таптакыр техника жок, болгону эски компьютерлер гана калган.
Качандыр бир кездерде «Жаш техниктердин станциясы» балдардын арасында өтө популярдуу болчу. Анда алар радиотехника менен иштөөгө, ошондой эле роботтор менен унаалардын үлгүлөрүн жасоого үйрөнүшкөн.
2014-жылга карата Бишкекте бир гана «станция» калган, ал борбордун Ленин районунда жайгашкан.Kloop.kgнин журналисттери анын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышып келүү үчүн анда болуп кайтышты.
«Жаш техниктер станциясы» деген аталышына карабастан 2014-жылдан тарта анда техниканын түрлөрүн үйрөтүүчү ийримдердин бардыгы тең иштерин токтотушкан — жетекчилигинин тез-тез алмашканынан улам окутуучулардын баары кызматтарынан кетип калышкан.«Жаш техниктердин станциясын» коркпостон эле сүрөт жана майда-чүйдө жасай турган ийрим деп атап койсо болот. Анткени анда жалаң көркөм сүрөт багытындагы бөлүмдөр гана калган.Ийримде «техника» роботторду кездеме бетине сайма түрүндө түшүргөн гана балдар үчүн каралган……же алардын үлгүлөрүн жумшак оюнчуктардын көрүнүшүндө жасоого аракет кылгандар үчүн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Баары тең эле анчалык өкүнөрлүк эмес! Азырынча Бишкекте дагы авиамоделдештирүү ийрими бар, анда балдар учактардын чыныгы үлгүлөрүн жасашат. |
Техникалык бир нерселерди чогултуу менен алектенүүгө арналган жалгыз сакталып калган секцияда кичинекей балдар анча оор эмес механизмдеги унааларды куруп, же алардын үлгүлөрүн кагаздан жасап, боек менен бойошот.Андан сырткары станцияда негизги программаларды үйрөнүүгө ылайыкташтырылган эски компьютерлер калган. Мамлекет жабдуу, шаймандар үчүн каражат бөлбөйт, андыктан окутуучулар менен ата-энелерге аппаратураларды тааныштары аркылуу издеп таап, же болбосо үйлөрүнөн алып келүүгө туура келет.Ошондой эле көркөм сүрөт багытында сүрөт тартуу ийримдери бар. Клуб эки баскычтан турат: кичинекей балдар кисти кармоону үйрөнүп, жаңыдан сүрөт тартып баштаган башталгыч баскыч жана улуу курактагы балдар көркөм чыгармаларын жаратууга аракет кыла турган профессионалдуу баскыч.Ийримде кадрлар жетишпейт, бирок ага карабастан станция өз ишин улантып, күн өткөрүп келет.Баяндоо үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрель күндөрү өтө турган Экинчи билим фестивалынын алкагында даярдалды. «Клооп» фестивалдын демилгечилеринен болгон «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусунун расмий медиа-өнөктөшү болуп саналат.
Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Дарина Манасбекова