ЛГБТ жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте каттоодон өттү

Парламентте «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жараткандыгы» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган мыйзам долбоору 15-апрелде каттоодон өттү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаров — «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» жөнүндөгү маалыматтарды ЖМКлар аркылуу таратууга тыюу салып, ал тематикага арналган тынчтык жыйындарына тыюу салууну сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоорунун текстине ылайык, Кылмыш кодекси 133-1чи — «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» беренеси менен толукталат.

Ал норманы бузгандар бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен же 6 миң сомдук айып төлөө менен жазаланышат.

Административдик укук бузуу жөнүндөгү кодекс да дээрлик ушундай эле берене менен толукталат — ага ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир» жараткан уюмдар 30 миң сомго чейинки айып төлөө менен жазаланышат.

Мыйзам долбоорунда «салттуу» жана «салттуу эмес» сексуалдык мамилелерге кайсылар кире тургандыгына так аныктама берилген эмес, бирок салттуу эмес мамилелер катары «бачабаздык» менен «лесбияндык» мамилелер көрсөтүлгөн.

Ошондой эле митингдерде «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратууга» багытталган кандайдыр бир аракеттерге тыюу салуу максатында «Тынчтык жыйындар жөнүндөгү» мыйзамга да өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга марттын аягында эле сунушталган, бирок Kloop.kgнин редакциясына белгилүү болгондой, депутаттар менен жарандык коомчулуктун ортосунда бул демилге боюнча эч кандай жолугушуулар өткөрүлгөн эмес.

Каттоодон өткөндөн кийин мыйзам долбоорунун алгач профилдик комитеттерде каралышы, андан соң парламенттин үч окуусуна добуш берүүгө алынып чыгаары күтүлүүдө.

Карама-каршылыктар

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Курманбек Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде мыйзам долбоору «бойго жеткен адамдардын» жашоосуна кийлигишпей тургандыгын убадалаган.

«Кыргызстандын бойго жеткен адамдарынын арасында бар экендигине — биз кийлигишпейбиз, ал эми балдар арасындагы — бул жакшы, аны менен алектенсе болот дегендерге — биз бөгөт коебуз», — деген ал сөзмө-сөз.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде кеп жаш балдардын арасында гана «пропагандалоо» тууралуу болуп жаткандыгы белгиленген эмес.

Документке ылайык, бойго жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы мындай аракеттер күнөөнү оорлотуучу фактор катары каралат.

Депутаттардын бул демилгелери «Бойго жете электердин арасында салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо жөнүндөгү» Орусиянын мыйзамына окшош, бирок кыргыз депутаттары тарабынан сунушталган жаза чаралары бир кыйла катаалыраак.

«Басмырлоочу мыйзам долбоору»

Демилгечи Төрөбай Зулпукаров бул мыйзам долбоорун сунуштоо идеясын 12-март күнү — парламенттин имаратынын алдында 100гө чукул киши катышкан «гей-пропагандага» каршы өткөн митигден кийин эле билдирген.

Зулпукаров анда мындай идеясын гомосексуализмдин «биздин салтыбызга жат көрүнүш» катары эсептелгени менен түшүндүргөн.

Укук коргоо тармагында иш алып баргандар мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырууда.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деди Кирей Kloop.kgге берген маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Агрессиянын күчөшү

28-март күнү «Хьюман Райтс Уотч» уюму депутаттарды бул мыйзам долбоорун кайрадан чакырып алууга чакырган расмий билдирүү тараткан.

«Гомосексуалдарды жек көргөн бул мыйзам долбоорунун демилгечилери тез аранын ичинде аны кайрадан чакырып алуулары керек. А башкаруучу жана саясий партиялар Кыргызстанда андай мыйзамдарда орун жок экенин ачык көрсөтүп, ага каршы болуулары керек», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Гомосексуализм Кыргызстанда 1990-жылдардын ортосунан тарта кылмыш катары эсептелбейт.

Саясатчылардын мезгил-мезгили менен гомофобиялык пикирлерди айтканы менен Кыргызстан борбордуказия аймагында гейлер менен лесбияндардын укуктарын коргоо боюнча эң ачык иш алып барган уюмдары менен белгилүү.

Анткен менен акыркы кездерди өлкөдө гомофобиянын бардык деңгээлде өсүп жаткандыгы байкалууда.

Апрелдин башында 30га жакын белгисиз адамдардан турган топ «Фридом Хаустун» Кыргызстандагы кеңсесинин директору Аскат Дукенбаевдин Оштогу «Ош-Нуру» мейманканасында өнөктөштөрү менен болгон жолугушуусун үзгүтүккө учуратышкан.

Аны «гомосексуализмди пропагандалап» жатат деп айыптап, чогулгандар Дукенбаевди Оштон чыгып кетүүгө мажбур кылышкан.

Дукенбаевге каршы чабуул жасоолорго анын март айынын ичинде эл алдында ЛГБТнын укуктарын колдоп бир нече жолу сүйлөгөндүгү себеп болгон болушу мүмкүн.