«Фридом Хаустун» кеңсесинин директору социалдык түйүндөрдөгү «кодулоолорго» даттанууда

«Фридом Хаус» уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин директору Аскат Дукенбаев ЛГБТ-коомчулугун колдогондугу үчүн бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө «кодулоого» дуушар болуп жатканын билдирүүдө.   

Дукенбаев ишендирип жаткандай, анын жалган профилдери «Твиттер», «Фэйсбук» жана «Одноклассники» сыяктуу Кыргызстандагы популярдуу социалдык түйүндөрдүн баарында ачылган.

Дукенбаевдин айтымында, андан сырткары өзүнчө бир топтордо «гомофобиялык агрессияны» ага каршы багыттаган жарыялар таратылган.

«Алар социалдык түйүндөрдө мага каршы акциялар жана жарыяларды башташты, жарыялардын биринде мени гей деп аташыптыр. Социалдык түйүндөрдөгү «жактыруу» баскычын баскандарды эске алсак, алар мындай жол менен коомдук гомофобиялык агрессияны мага каршы пайдаланууга аракет кылып жатышат», — деди Kloop.kgге берген маегинде Дукенбаев.

Ошондой эле «Фридом Хаус» укук коргоо уюмунун Дукенбаев жетектеген Бишкектеги кеңсесинин ишмердүүлүгү да чабуулга дуушар болууда.

«[Алардын] жеке мага жана биздин уюмга каршы агрессия топтогулары келип жатат», — деди Дукенбаев.

Сүрөт өрттөө

«Фридом Хаустун» кеңсесинин башчысы ал Кыргызстандагы гомофобиялык агрессиянын алгачкы курмандыгы эмес экенин белгилейт.

Март айында активист Илья Лукаш «Калыс» кыймылы тарабынан жасалган агрессиялардан улам өлкөдө калуу коркунучтуу болуп калгандыгын айтып, Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. «Калыс» кыймылы өлкөдө «салттуу баалуулуктар» үчүн күрөш жүргүзүп келгендиги менен белгилүү.

Лукаш өзүн эч качан гей-активист катары көрсөтпөгөнү менен «Калыстын» активисттери февралдын соңунда Бишкекте өткөргөн акциясында аны «батышчыл активист» деп аташып, анын сүрөтүн өрттөшкөн.

Анда «калысчылар» бул аракеттерин Кыргызстандын укук коргоочулары «кыргыздардын моралына жооп бербей турган» көрүнүштөрдү таңуулап жаткандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Оштогу жолугушуунун үзгүлтүккө учурашы

Дукенбаевге каршы «кодулоо» иштери Ошто орун алган 2-апрелдеги окуядан көп өтпөй башталды. Анда «Фридом Хаустун» «Ош-Нуру» мейманканасындагы өнөктөштөрү менен болгон жолугушуусу 30 чамалуу белгисиз адамдар тарабынан үзгүлтүккө учуратылган. 

Видео: Оштогу жолугушуу кантип үзгүлтүккө учураган

2-апрель күнү мейманканын имаратына кирип барган адамдар Ошто «гомосексуализмди пропагандалоону» токтотууну талап кылышкан. Бирок Дукенбаев ишендирип жаткандай, Оштогу ал жолугушуунун лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөрдүн (ЛГБТ) укуктарына эч тиешеси жок болчу.

Дукенбаевге каршы чабуул жасоолорго анын март айынын ичинде эл алдында ЛГБТнын укуктарын колдоп бир нече жолу сүйлөгөндүгү себеп болушу мүмкүн.

«Фридом Хаус» уюмунун айланасындагы жаңжалдар акыркы кездерде Кыргызстанда агрессивдүү гомофобиянын бардык деңгээлде күчөшүнүн фонунда орун алууда.

«Калыс» кыймылы 12-март күнү жүзгө чукул кишинин катышуусунда Бишкектин борборунда «гей-пропагандага» каршы акция өткөргөн.

Ага жооп катары парламенттин эки депутаты «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы каралган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Анда мындай аракеттер үчүн эң катаал жаза катары бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы көрсөтүлгөн.

Өз кезегинде укук коргоочулар гомосексуализмдин Кыргызстанда 90-жылдардын экинчи жарымынан тарта кылмыш болуп эсептелбей калгандыгын эске алышып, парламентарийлердин бул аракетин кескин сынга алышкан.

Авторлор: Толгонай Умуралиева жана Бектур Искендер