Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан беш киши жаракат алды

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа 11-апрель күнү катуу ылдамдыкта барып соко чиркелген тракторго сүзүлгөн. Кырсыктын жыйынтыгында беш киши  жаракат алган, каза болгондор жок.

Кырсык 11-апрель күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарына жакын бөлүгүндө орун алган. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта барып соко чиркелген тракторго сүзүлгөн.

Кагылышуунун жыйынтыгында соконун учу унаанын маңдайкы айнеги менен кузовун тешип барып, айдоочу менен жүргүнчүсүнүн ортосуна туруп калган. Соккудан улам трактор оодарылып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, 5 киши оор  жаракат алышкан — унаанын үч жүргүнчүсү, трактордун айдоочусу жана анын жүргүнчүсү. Жол кырсыгынын катышуучуларынын бардыгы тең ооруканага жеткирилишкен.

Учурда автотехникалык жана соттук-медициналык экспертизалар белгиленди. Эки унаа каражатынын айдоочусу тең кырсык болгон маалда соо болгондуктары белгилүү.

«Жеңил унааны калыбына келтирүүгө болбойт. Кырсык орун алган маалда ал аймакта аба-ырайы начар болгон. Милиция бул жол кырсыгынын бардык жайгдайларын тактап  жатат», — деп жазылган ИИМдин сайтында.

Учурда милиция кырсыктын катышуучуларынын канчалык деңгээлде күнөөлөрү бар экендигин аныктоонун үстүндө иш алып барып жатат.