Акыйкатчы: Укук коргоо органдары адам укуктарын бузуп жатышат

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Бакытбек Аманбаев парламент депутаттарынын алдында баяндамасын окуп, анда Кыргызстанда баарынан да күч түзүмдөрүндө адам укуктары көп бузулаарын билдирди.

Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев парламенттин пленардык жыйынындагы баяндамасында ага келип түшкөн адам укуктары боюнча даттангандардын жарымынан көбү укук коргоо органдары менен сот өкүлдөрүнүн аракеттерине арыздана тургандыктарын билдирди.

Ошондой эле ал арыздануулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бир нече миңге көбөйгөндүгүн белгиледи.

Аманбаев адам укуктарынын бузулгандыгы тууралуу жолдонгон арыздар боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иштеринин козголбогондугуна нааразычылыгын билдирди.

Акыйкатчынын баяндамасына депутаттардын баары эле жактырган баа беришкен жок.

Айрымдары аны өтө эле «саясатташып» кеткендиги үчүн айыптап, «башка органдарга көз каранды болбой» иштөөгө чакырышты.

Нааразы болгондордун көптүгүнө карабастан акыйкатчынын ишин мактаган депутаттар да болду.

«Кайсыл гана өлкөдө болбосун бийлик жарандарынын укуктарын бузат, ал эми бийликке каршы иш алып баруу ар дайым оор, муну баары билет», — деди Аманбаевди колдогон депутат Наталья Никитенко.

Бакытбек Аманбаев өлкөнүн башкы укук коргоочусу болуп өткөн жылдын 3-октябрында шайланган.

Ал оппозициялык «Республика» фракциясынан парламент депутаты Урмат Аманбаеванын бир тууганы.

Автор:  Айзирек Алмазбекова