Видео жана сүрөт: Бишкектин четиндеги жолсуз жарыштар

«Offroad Kings» клубунун кубогу үчүн жарыштар 13-апрель күнү Озерный айылындагы аянтта болуп өттү. Айдоочулар үч топто катышыштыатайын даярдалган унаалар, сериялуу унаалар жана квадроциклдер.

Бишкектин унаа жарыштарын сүйгөн жашоочулары беш жылдан бери борбордун түндүк тарабындагы Озерный айылындагы аянтка чогулуп келишет.zzzzzzzzzz_offroad_0082zzzzzzzzzz_offroad_0085Кыргызстанда чыныгы жарыш жолдорунун жоктугун эске алсак, жолсуз жарыштар — азыр автоспорттун өлкөдө өнүгүп жаткан жалгыз түрү.zzzzzzzzzz_offroad_0093zzzzzzzzzz_offroad_0092Кээ бирде башка жолдордун пайдаланылганы менен жарыштардын көбү Озерныйдын жанындагы дал ушул аянтта өтөт.zzzzzzzzzz_offroad_0086zzzzzzzzzz_offroad_0091Жыл сайын катышуучулар сыяктуу эле унаалардын да топтору көбөйүп жатат.zzzzzzzzzz_offroad_00902014-жылы катышуучулар үч топто жарышка түшүштү. Унаалардын арасындагы эң престиждүү топ — бул «спорт», анда атайын жарышка даярдалган унаалар катышышат.zzzzzzzzzz_offroad_0087zzzzzzzzzz_offroad_0088Эгер айдоочу анча даярдалбаган сериялуу унаа менен катышкысы келсе, анда ал «туризм» тобуна каттала алат.zzzzzzzzzz_offroad_0094Жарыштарга катышуу үчүн коюлган башкы талап — бул унаанын төрт дөңгөлөгүнүн тең айланып иштөөсү.zzzzzzzzzz_offroad_0101zzzzzzzzzz_offroad_0098Андан сырткары квадроциклдер үчүн дагы эки топ бар.zzzzzzzzzz_offroad_0095zzzzzzzzzz_offroad_0096Негизинен жарышка джиптер катышышты. 13-апрелде өткөн жарышка катышкандардын бири кичи автобусун айдап чыкты. Бирок чынында биринчи эле көлчүктө тыгылып калды.zzzzzzzzzz_offroad_0084Жарыштар үчүн жолдорду бир апта эрте даярдашат. Бирок жарыш күнү аба-ырайынын кандай болоорун эч ким алдын ала айта албайт.zzzzzzzzzz_offroad_009913-апрелде өткөн жарыш азырынча мындай мелдештерди уюштуруп келген өлкөдөгү эң ири клуб болуп эсептелген «Offroad Kingsтин» беш жылдыгына арналды.zzzzzzzzzz_offroad_0097Автор:  Виталий Белошапкин