«Дизелде» колдонуучулардын сыр сөздөрү ачыккан чыккан болушу мүмкүн

Кыргызстандын эң популярдуу форуму болуп эсептелген «Дизель» колдонуучуларынын сыр сөздөрүнүн ачыкка чыккан болушу мүмкүндүгү тууралуу билдирди. Форумдун жетекчилиги колдонуучулардын тез аранын ичинде сыр сөздөрүн өзгөртүүлөрүн өтүнүүдө.

Колдонуучулардын сыр сөздөрүнүн ачыкка чыгуу коркунучу тууралуу маалыматты «Дизелдин» негиздөөчүсү Малик Абдугалыев 14-апрелде таратты.

«Программалык камсыздоонун алсыздыгына байланыштуу колдонуучулардын сыр сөздөрүнүн ачыкка чыгуу коркунучу жаралды. Башка адамдар тарабынан кыянаттыкка туш болбоо максатында форумдун колдонуучуларын сыр сөздөрүн өзгөртүүгө чакырам», — деп жазган ал билдирүүдө.

Форумдун жетекчилиги сыр сөздөрдүн ачыкка чыгуусу тууралуу азырынча кошумча эч нерсе билдирбей эле.

«Дизель» популярдуулугу боюнча Кыргызстандагы экинчи веб-сайт жана өлкөнүн эң ири форуму болуп эсептелет.

Net.kg статистикалык сервисинин маалыматына ылайык, апрелдин башында сайтка күн сайын 30-35 миң уникалдуу колдонуучу кирип турган.

1998-жылы эле ачылган «Дизель» 2013-жылга чейин Кыргызстандагы эң популярдуу сайт болуп келген, бирок өткөн жылы аны лидердик орундан учурда эң көп колдонуучу кирген «Намба» сервиси төмөн жылдырган.

Бүгүнкү күнгө карата «Дизелде» 80ден ашык бөлүм бар, анда колдонуучулар саясаттан тарта үй жаныбарларын сатууга чейинки маселелердин айланасында талкуу жүргүзүшөт.

Форумдун эң популярдуу бөлүмү — «Саясат жана коом» — 2005-жылдагы революция маалында өтө маанилүү ролду ойногон, анда ал аркылуу Бишкекти талоончулардан коргоо үчүн ыктыярчылардын топтору түзүлгөн.

2006-жылга карата «Дизель» өтө чоң таасир этүүчү күчкө айланып, ал аркылуу ошол кезде парламент депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткан криминал авторитети Рыспек Акматбаевге каршы ири митинг-жөө жүрүш уюштурулган.

Бирок кийинки саясий каатчылыкта — 2010-жылдагы революция маалында — бийлик тарабынан жасалган басымдан улам форумдун жетекчилиги бир нече саатка бардык колдонуучулары үчүн «Дизелге» кирүү мүмкүнчүлүгүн жаап салууга мажбур болгон.

Автор: Айзирек Алмазбекова