2010-жылдагы революция боюнча сот: Жабырлануучулар жактоочусунан баш тартышты

Жабырлануучу тарап 2010-жылдагы революция боюнча соттук процесс башталгандан бери алардын кызыкчылыктарын коргоп келген жактоочу Осунбек Жамансариевдин кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартышты.

Жабырлануучулар Жамансариевдин кызмат көрсөтүүсүнөн баш тарткандыктарын анын 14-апрелдеги сот отурумунда айткандары менен түшүндүрүштү. Жактоочу анда «Альфанын» айыпталып жаткан кызматкерлеринин бардыгы эле эркинен ажыратуу жазасына татыктуу эмес экендигин билдирген.

«Биз Жамансариев төрт жыл бою биздин кызыкчылыктарыбызды коргоп келген деп ойлогонбуз, бирок кечээ башкача таасир калтырды. Жамансариевдин айткандары — бул анын жеке субъективдүү пикири. Биз аны колдобойбуз», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы жабырлануучулардын биринин айткандарын.

Юрист отурумда «альфачылардын» күнөөлөрүнүн конкреттүү далилдеринин жоктугун эске алуу менен «күнөөсүз адамды соттогондон көрө күнөөлүүнү бошотуп жиберген артык» деп айткан.

Жактоочу жабырлануучулар анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышып, «эмоцияга алдыруу» менен анын кызматынан баш тартышты деп эсептейт.

«Жарыш сөздө мен Мамлекеттик күзөт кызматы менен «Альфанын» чатырдагы кызматкерлеринен Олег Ребенка менен Расул Байтуковдорду гана күнөөлүү деп эсептей тургандыгымды, ал эми калгандары берилген буйруктарды гана аткарышкандыгын айткам», — деди Жамансариев Kloop.kgге берген маегинде.

Ошентсе да Жамансариев сотто жабырлануучуларды коргоосун уланта берээрин билдирди. Айтымында, ал революция маалында каза болгон бир тууганынын кызыкчылыктарын коргоп жаткандыктан процесстин катышуучусу болуп эсептелет.

«Мен тараптан жарыш сөздө айтылган сөздөдүн баарынан кийин албетте, моралдык жактан жагымсыз болууда. Ал сөздөрүмдү баары эле туура түшүнгөн эмес, кээ бирлери башкаларга да айтышкан», — деди ал.

Жактоочу төрт жылдан бери созулуп келе жаткан соттук процесс башталгандан тарта жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргоп келген.

Өкүмдү күтүү

Эми процесс өкүм чыгаруу баскычына өтүшү керек. Жамансариевдин айтымында, бул баскычка үстүбүздөгү айдын аягына чейин өтүшөт.

Акыркы отурумдардын биринде мамлекеттик айыптоо апрель революциясы маалында демонстранттарды өлтүрүүгө айыпталып жатышкан «Альфанын» дээрлик бардык кызматкерлерин актоону талап кылган — тергөө алардын революция маалында кимдир-бирөөнү өлтүргөндүктөрүн далилдей алган эмес.

Ал өтүнүч «алфачылар» буйрукту аткаргандыктан элге ок атууга күнөөлүү болуулары мүмкүн эмес деп эсептеп жатышкан «Альфа» тобунун жактоочуларынын талаптарына дал келет.

Мамлекеттик айыптоочу революция боюнча айыпталып жаткандардын калгандары үчүн узак мөөнөткө, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратуу жазаларын талап кылган.

Ал эми мурунку президент Курманбек Бакиевди, анын бир тууганы Жанышты, ошондой эле мурунку премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр боюнча эркинен ажыратууну талап кылууда.

Аларды 2010-жылдагы революция маалында 80ден ашык демонстранттын өлүмүнө күнөөлүү деп эсептеп жатышат.

Мамлекеттик айыптоонун бул позициясы жабырлануучулардын нааразычылыктарын жаратып, кийинки күнү алар айыпталуучулардын катаал жаза алышын талап кылып, Ак үйдүн алдына митингке чыгышкан.

Автор: Хлоя Гейне