Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн токтотту

14-апрелде Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүсүн токтотуп, аймактын жашоочулары көгүлтүр отунсуз калышты. «Кыргызгаз» бул маселени чече тургандыгын убадалады, бирок азырынча газдын качан берилип башталаары белгисиз.

«Өзбектрансгаз» «Кыргызгаз» менен болгон келишимдердин мөөнөтү аяктагандыктан газ берүүсүн токтотту.

Өзбек тарап эми жаңы келишимди өткөн аптада «Кыргызгазга» ээ болгон орусиялык «Газпром» менен түзөт.

«Кыргызгаз» ААКсынын жетекчилиги учурда бул маселени чечүү үчүн Москвада жүрөт. Азырынча жаратылыш газын берүү качан калыбына келтириле тургандыгы белгисиз», — деп жазган «Турмуш» маалымат агенттиги Газ чарбачылыгынын Ош башкармалыгынын өкүлүнүн айткандарын.

Энергетика министрлиги Өзбекстан тараптан газдын берилбей калышы боюнча так маалыматтын «Кыргызгазга» гана белгилүү экендигин айтып, ал боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Кыргызгаз» орусиялык «Газпромго» символикалуу түрдө бир долларга 10-апрелде биротоло сатылган.

Өз кезегинде орусиялык ишкана Кыргызстандын газ тармагына 600 млн доллар каражат жумшай тургандыгын жана 40 млн АКШ долларын түзгөн «Кыргызгаздын» карыздарын төлөп кутула тургандыгын убадалаган.

«Газпромдун» Кыргызстандын рыногуна келиши менен өлкөнүн бийлиги республиканын бардык аймактары үзгүлтүксүз көгүлтүр от менен камсыз болооруна үмүттөнүп жатышат. Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев билдирген.

«Мен эң башкысын белгилегим келип турат: кышында биз газы жок калбайбыз. Ал эми биз газ жагынан эми Орусияга көз каранды болуп калдык деп аткандарга айтаар элем: биз тескерисинче, көз карандысыз болобуз, эми бизде дайыма газ болот», — деп жазган «Азаттык» радиосу Атамбаевдин айткандарын.

Автор:  Толгонай Умуралиева